Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Меркел Кытайды Гонконг маселесин тынч жол менен чечүүгө чакырды


Ангела Меркел Кытайга үч күндүк сапар менен барды.
Ангела Меркел Кытайга үч күндүк сапар менен барды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Кытайга үч күндүк сапары менен барды. Ал 6-сентябрда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен жолугушууда Гонконгдогу соңку кырдаалды да талкуулады. Меркел Кытай бийлигине Гонконгду Британиядан өткөрүп алып жаткандагы адам укуктарына байланышкан милдеттенмелерин эске салды. Ошондой эле жагдайды тынч жол менен жөнгө салып, калыс чечүүгө чакырды.

Меркел бүгүн Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен жолугат.

Гонконгдун бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзамдын долбоорун 4-сентябрда парламенттен артка чакыртып алган.

Оппозиция лидерлеринин бири Жошуа Вонг шаар башчысы Керри Ламдын билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берип жатып, «мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алуу өтө аздык кыларын жана өтө эле кеч болуп калганын» айткан.

Гонконгдо талаштуу мыйзам долбооруна байланыштуу миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциялары мындан үч ай мурун башталган. Анда Керри Ламдын кызматтан кетиши тууралуу да талап коюлган. Демонстранттар менен полиция бир канча жолу кагылышкан.

Бирок Кытайдын бийлик өкүлдөрү нааразылык акциясына чыккандарды «от менен ойнобогула» деп бир канча жолу эскерткен.

XS
SM
MD
LG