Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 39 млн. сомго толукталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 39 миллион 735 миң сомдон ашуун акча которду.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен Финполиция эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 795 миллион 488 миң сомдон ашты.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен окуучулар батпаган мектептердин жаңы корпустары курула турганын билдирген. Мамлекет башчынын айтымында, жемкорлуктан түшкөн каражаттын кийинки бөлүгү бала бакча курууга жумшалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG