Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Өкмөт «Центерра Голд» менен сүйлөшүүнү улантат


«Кумтөр» ишканасынын өндүрүш бөлүмү.
«Кумтөр» ишканасынын өндүрүш бөлүмү.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы менен кендеги дивиденддерди төлөө жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүнү улантат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн басма сөз жыйынында «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков билдирди. Анын айтымында, өкмөт менен «Центерра Голд» жакында мунаса тапкан стратегиялык келишим экологиялык маселелерди жөнгө салат. Ишкананын жетекчиси эми канадалык компания менен мурдагы жылдарга дивиденддерди төлөө жана рекультивация боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айтты:

- Мисалы, трасттык фонд боюнча, рекультивация боюнча сүйлөшүүлөр улантылат. Биз дагы кошумча келишимдерди түзүшүбүз мүмкүн. Азыркы учурда биз экологиялык маселелерге чекит койдук.

«Центерра Голд» эки жыл мурда Кумтөрдүн айланасында талашка түшкөн дивиденддерди төлөөнү токтоткон.

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим өткөн аптада күчүнө кирди. Анын шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга төлөп бере турган сумманын көлөмүн мурдагы келишимде көрсөтүлгөндөн 150 миллион долларга көбөйткөнүн өкмөт маалымдады. Ал эми өз кезегинде кыргыз тарап «Центерра Голдго» карата соттук доосун токтотту. (BkA)

XS
SM
MD
LG