Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Мамлекеттик социалдык буюртма аткарчу бала бакчалар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 арыздын ичинен социалдык буюртма аткара турган тогуз бала бакчаны тандап алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алар:

  • “Капелька счастья”, Дэн Сяопин пр, 551;
  • “Бекхан”, Токмок көчөсү, 65;
  • “Карлсон”, Восточная көчөсү, 64;
  • “Балдар ааламы”, Л.Толстой көчөсү, 97а;
  • “Герман Гмайнер окуу-тарбиялоочу SOS” мекемеси, А.Токтоналиев, көчөсү, 137а;
  • “«Кенгурёнок» мектепке чейин билим берүү жана тарбиялоо борбору” ЖЧК, Бакаев көчөсү, 141;
  • “Бала бакча-наристе “Нур Бала” ЖЧК, 7-кичи район, 23/4а;
  • “В гостях у Пеппи длинный чулок” мекемеси, Осипенко көчөсү, 38;
  • “Слоненок” ЖЧК, Армейская көчөсү 10/3.

Бала бакчалар жалпысынан 300 орун берет. Учурда жарандардан көңүлүнө ылайык келген жеке менчик бала бакчага баласына социалдык талон алыш үчүн өтүнмөлөр кабыл алынууда.

Программа Бишкек шаарында сыноо иретинде киргизилди. Сыноо мезгили аяктагандан кийин, эгер ал ийгиликтүү иштеп кете турган болсо, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

Программа калктын аялуу катмарына багытталган. Ага ылайык мамлекет жеке менчик бала бакчалардын кызмат акы чыгымынын жарымын жаап бергени жатат. Мамлекеттик колдоо көп балалуу (беш жана андан ашык), социалдык жактан аялуу жана багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө, айлык маянасы 10-12 миң сомдон төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата иштейт. Ата-энелердин биринде I же II топтогу майыптыгы болсо, алар да ушундай жеңилдиктен пайдалана алат.

Программанын алкагында 2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке менчик бала бакчаларга миң баланы, Ош шаарында 500 баланы жайгаштыруу пландалган. Бул үчүн жылына 48 млн сом талап кылынат. Социалдык буюртманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясынын бюджетинен, Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG