Бишкектин Ленин райондук прокуратурасынын иш бөлмөсүндө сурак берип жаткан келин өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.
Анын айтымында, сурак берип жаткан Айнура Кызалакованын иши жарандык иш болчу. Бирок ага карабай, прокурор айыптоо актысын берген учурда устаранын мизи менен кан тамырын кесүүгө аракет кылган.
Учурда Кызалакованы ооруканага алып кетишти. Бактыбек Жумашевдин айтымында, бул иш көптөн бери уланып келет. Териштирүүгө Кызалакованын сиңдиси Венера Кызалакованын жолдошу менен ажырашуусу себеп болгон.
Ажырашуу маалында мүлк талашып, мурдагы күйөө баласынын арызынын негизинде, Айнура Кызалаковага “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.
Мындан соң эже-сиңди укук коргоо органдары бул ишти мыйзам чегинде тергебей жатканын айтып, Жогорку Кеңештин алдына бир нече жолу нааразылык акциясына дагы чыккан болчу.(BkA)