“Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” (БНБК) деп аталган бул компанияны Бакиевдин тушунда премьер-министр болгон Данияр Үсөнов жетектери кабарланып келет. Жакында бул ишканада Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевдин үлүшү бар экени да белгилүү болду. Аталган корпорациясынын айланасында кандай күмөндүү суроолор бар экенин, каржы маселелерин изилдеген “Кошт Урада” долбоорунун жетекчиси, экономист Владимир Ковалкин «Азаттыкка» айтып берди.
“Азаттык”: Владимир, “Кошт Урада” долбоору “Naviny.by” басылмасы үчүн “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын” меморандумун изилдеп чыккан экен. Анын жыйынтыгы менен бул ишкана аркылуу бюджеттик каражат жеке бизнеске которулуп жатышы мүмкүн экендигин билдирдиңиздер. Мындай тыянакка кантип келдиңиздер?
Владимир Ковалкин: Так далилдей албайм, себеби мен прокурор же тергөөчү эмесмин. Бул уюм тууралуу толук маалымат колумда жок. Бирок анын меморандумунда шектүү сандар бар. Маселен, ишкананын аласасы бересесинен бир аз гана аз, бирок киреше дээрлик жокко эсе. Бул компания кредит катары келген акчаны кайсы бир жакка жумшап, жөнөтүп жаткандай. Каякка кетип жатканын биз так билбейбиз.
Кирешенин, аласанын жана бересенин мындай айкалышын талдагандан кийин акча компания аркылуу өтүп, андан ары кайсы бир жакка кетип жатат деп айтсак болот. Оптимисттик көз караштан алып караганда, акча бул заводду кура турган кытайлык башкы жалданма компанияга берилиши мүмкүн. Пессимисттик ойду айтсак, каражаттар биз билбеген жактарга жөнөтүлүшү ыктымал.
“Азаттык”: Бул кайсы жактар болушу мүмкүн?
Владимир Ковалкин: Кайда экенин биз так билбейбиз. Себеби бизде андай маалымат жок. Мамлекет да мындай маалыматты ачыкка чыгарбайт. Бирок бул ишкананын түзүүчүлөрүнүн арасында кытай жана араб компаниялары, ошондой эле Бакиевдин инисинин уулуна таандык шотландиялык компаниялар бар. Айтор, бул - башкалардан бөлөкчө, кызык бир бизнес.
“Азаттык”: “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” жакында эле ачылган эмеспи. Ал бодо мал, балык, канаттуулар үчүн заманбап технология менен даярдалган жем, ошондой эле аминокислота, ун, крахмал, глютен заттарын өндүрөрү айтылган. Балким бул компания эми гана ишке киргени үчүн азырынча киреше таба элек болушу мүмкүнбү?
Владимир Ковалкин: Теориялык жактан баары болушу мүмкүн. Бирок шектенүү жараткан дагы бир жагдай бар. Президенттин жарлыгына жана токтомдорго ылайык, бул ишкананын заводунун курулушу 2030-жылдарга барып бүтүшү мүмкүн. Бул кредит үчүн кыйла эле узак убакыт.
Мынча узак убакыттын ичинде “же эшек сүйлөп кетет, же падыша көз жумат”. Насиридин кожо жөнүндөгү ушундай жомок бар эмеспи. Башкача айтканда, завод курулуп бүтүшү керек болгон убакыт келгенде акча да жок болушу мүмкүн, заводду ишке киргизүүгө жооптуу адамдар да көздөн кайым болушу ыктымал.
Эң кызыгы карыз үчүн беларус салык төлөөчүлөрү жооптуу болуп калышат. Себеби Кытайга кредитти Беларустун Финансы министрлиги бюджеттин эсебинен төгүп турат. Биздин өлкө анча бай эмес. Бизде мунай сыяктуу жаратылыш ресурстарыбыз жок. Андыктан биздин казына негизинен салык төлөөчүлөрдүн эсебинен гана толукталып турат.
Мындан улам эгер бул ишкана банкрот болсо, же анын иши жүрбөй калса, кредит маселесинде салык төлөөчүүлөргө гана үмүт артууга болот. Ошондой эле кредиттин үстөк пайызы да бюджеттен төлөнөт. Ал акчаны бул күмөндүү ишканадан өндүрүп алса болобу? Бул чоң суроо.
“Азаттык”: Бул ишканада Беларус өкмөтүнүн 25 пайыздык үлүшү бар. Биз түшүнгөндөн Кытай кредитин мамлекет төлөйт экен. Эгер бул долбоордун мындай күмөндүү жактары болсо, анда эмне үчүн Беларус өкмөтү бул бизнеске катышып жатат? Анын кандай кызыкчылыгы бар?
Владимир Ковалкин: Эгер бул жерде Беларус мамлекетинин, өкмөтүнүн жана беларус элинин кызыкчылыгы эске алынган болсо, анда мындай долбоордун ишке кириши мүмкүн эмес эле. Себеби долбоордун азыркыдай түзүмү менен алып караганда бул ишкана мамлекет жана эл үчүн пайдалуу эмес.
Тактап айтканда, кредитти алган да, төлөгөн да тарап - бул Финансы министрлиги. Бул кредит мамлекеттин жарым-жартылай үлүшү бар жеке менчик компанияга берилет. Бардык тобокелдикти беларус салык төлөөчүлөрү өз мойнуна алат. Бул корпорациядан түшө турган киреше болсо жеке бизнестин колунда калып жатат.
Андыктан мында аталган бизнес менен алектенген кайсы бир адамдардын, же биздин президентке же ага ушундай долбоорлорду ишке киргизүүнү сунуштаган кеңешчилерине жакын кишилердин кызыкчылыктары көбүрөөк сыяктуу туюлат. Бирок бул долбоор мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына эч коошпойт.
Дагы кайталап кетейин, мындай долбоорлор жок дегенде тобокелдикти бөлүштүрүү жагынан алганда да Беларус мамлекетине же элге пайда алып келбейт. Мындай жоопкерчиликти чынчыл иштеген аткаминер же жеке өзү чечим чыгарган аткаминер өз мойнуна ала алмак эмес. Себеби бул үчүн жооп берүүгө туура келет.
“Азаттык”: "БНБК" корпорациясын Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектери кабарланып келет. Жакында эле бул корпорациянын 22,5 пайызына ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экени белгилүү болду. Сиздин байкооңуз боюнча, бул долбоордо Бакиевдин үй-бүлөсүнүн кандай ролу бар? Эгер кандайдыр бир ролу болсо, Беларус өкмөтү эмне үчүн алар менен чогуу иш жүргүзгүсү келет?
Владимир Ковалкин: Мен билгенден Беларус президенти Лукашенко менен Бакиевдин ортосунда жеке достук мамиле бар. Жакында эле Лукашенко Бакиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул жерде жеке мамилелер, экөөнүн ортосундагы достук мамиле роль ойноп жатат деп ойлойм.
Бакиевдин айланасында анын үй-бүлөсү кошо жүргөнүн эске алганда аларга мындай бизнести жүргүзүүгө уруксат берилген болушу мүмкүн. Лукашенко менен болгон достук - керек болсо мындай шек жараткан долбоорлорду ишке киргизүүгө да мүмкүнчүлүк берери көрүнүп турат.
“Азаттык”: Беларус журналисттери жазгандай, мындай долбоорду ишке киргизүү үчүн 730 миллион доллардан ашык каражат талап кылынмак. Анын 628 миллиондой суммасын Кытайдын Экспорт-импорт банкы кредит катары берип жатат. Натыйжада калган акча кайдан келет деген суроо жаралып жатат? Бакиевдер өздөрү да бул долбоорго акча салышы мүмкүнбү?
Владимир Ковалкин: Балким инвестиция кылышы мүмкүн. Тилекке каршы биз муну билбейбиз. Ал үчүн көбүрөөк маалымат табуу керек. Беларустун өзүндө маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.
Себеби бул долбоор салыштырмалуу күмөндүү. Ал биздин мамлекеттин башчысы менен Кыргызстандын мурдагы президентинин ортосундагы достукка негизделип жаткандыктан Беларуста ал тууралуу маалымат алуу кыйын.
Ошол эле учурда бул эл аралык компания. Анын ишмердиги боюнча кандайдыр бир финансылык издер ошол эле Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн табылышы мүмкүн.
“Азаттык”: Албетте, Бакиевдер да, Урицкий да бул долбоор тууралуу маалымат берише элек. Жакында Беларустагы “БелаПАН” агенттиги бул корпорациядагы орточо айлык 25 миң долларды түзөрүн жазып чыккан. Бирок бул макаладан кийин аталган корпорация алгачкы маалыматын өзгөртүп, орточо айлык акыны дээрлик 20 эсеге азайтып көргөздү. Сиздер бул корпорацияда Даниил Урицкийди кошкондо 30дай адам иштерин, алардын жаш өзгөчөлүктөрү да шек жаратарын белгилеген экенсиздер. Ишкананын жамаатында кандай күмөндүү жагдайлар бар?
Владимир Ковалкин: Бул компаниянын эмгек жамаатынын курамы абдан кызыктуу. Адатта ири, олуттуу делген компаниялардын, өзгөчө инновациялык ишканалардын эмгек жамаатынын өзөгү болушунча кесипкөй адамдардан турат. Адамдын кесипкөйлүгү шарттуу түрдө айтканда 30-35 жаштан 50-55 жашка чейин күчүндө болот. Эреже боюнча, алар мыкты билим алып, жакшы тажрыйба топтогондор, ошол эле учурда инновацияларды жасоого жарамдуу акылы тунук адамдар деп айтсак болот. Кайсы бир компаниянын менежердик курамы дал ушул курактарга туура келиши керек.
Ал эми биз сөз кылып жаткан корпорацияда баары тескерисинче. Ал жерде жогорку билими бар кызматкерлер - же пенсияга таяп калган 55 жаштан өткөн адамдар, же 30га чыга элек жаш кадрлар.
Курамы жагынан караганда бул компания ишинен майнап чыгарууну көздөгөн, кесипкөй адамдарды тарткан ишканадай көрүнбөйт. Тескерисинче, ата-энелер балдары менен биргелешкен бизнес жүргүзүп жаткандай туюлат.
Эң кызыгы, 30 жаштан 50 жашка чейинки куракка туура келген, аз сандагы кызматкерлердин жарымынын жогорку билими жок. Аларды айдоочулар, кароолчулар деп мүнөздөсө болот. Мындай жагдай кызыгуу жана шек жаратат.
“Азаттык”: Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жетектейт деген бул долбоорго Кытайдан алынган 628 миллион доллардык кредит – бул аз акча эмес. Беларус коомчулугунун мынча суммадагы кредит каякка сарпталып жатканынан, бул долбоордун ишмердигинен кабары барбы?
Владимир Ковалкин: Беларус – авторитардык өлкө. Лукашенко башында турган бийлик элден акчаны каякка сарптоону сурабайт. Жарандардын пикирлерин эске албастан, өздөрү чечет. Андыктан атуулдар бул чечимдерге каршылык билдире алат деп айтууга болбойт.
Албетте, адамдар социалдык түйүндөргө комментарий калтыруу же макала жазуу менен өзүнүн нааразылыгын көрсөтө алат. Курсак тойгузганга акча калбаса, анда эл көчөгө чыгышы мүмкүн. Бирок беларус жарандары мындай долбоорлорду ишке киргизүүдө же ага каршы турууда кандайдыр бир роль ойной алат деп айтуунун кажети жок.