Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деп айыпталууда. Аскер прокуратурасы бул фактыга байланыштуу дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу маалымдама бергенин «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Жактоочу бүгүн, 15-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп чыкты. Атамбаев көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартты. Ал ушуну менен Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгонун белгиледи.
Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген алты айып боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптарда «кылмыштын белгилери байкалат» деген гана корутунду берген.
«Атамбаев Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алган» деген маселени «Ата Мекен» партиясынын жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев камалганга чейин көтөрүп чыккан. Анда «Дастан» заводуна караштуу Кой-Таштагы 2,7 гектар жерди Максим Бакиевге караштуу «Арт Курулуш дизайн» компаниясы менчиктештирип, бирок сот кийин ал келишимди жокко чыгарганы көрсөтүлгөн. Ошол тушта Бишкектин мэри Албек Ибраимов «Дастан» заводун жетектеп турган. Аны кийин Анарбек Укуев деген жаран сатып алып, ал кайра Албек Ибраимовдун жубайына сатканы аныкталган. Кийин ал кайра президент Атамбаевге сатканы ырасталган. Кийин Атамбаев ал жерге хансарай курган.
Атамбаев президент болуп турганда Башкы прокуратура муну иликтеп чыгып, ал иште мыйзам бузуу жок деп тапкан.
Алмазбек Атамбаев 2016-жылы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Кой-Таш айылында 9 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын айткан. (КЕ)