Латвиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 7-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулаймановдун маалыматына караганда, бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Латвиянын Финансылык чалгын кызматынан алынган маалыматтын негизинде козголгону маалым болду:
- Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына караганда, Зилалиевдин аялы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которулган.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (RK)