Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Донбасста төрт украин жоокери каза тапты


Украинанын чыгышындагы акыркы кырдаалдын картадан көрүнүшү. 6-август.
Украинанын чыгышындагы акыркы кырдаалдын картадан көрүнүшү. 6-август.

Украин бийлиги өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдер менен болгон кагылышта төрт жоокери курман болгонун билдирди. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Донецк облусундагы орусиячыл жикчилдер украин жоокерлерин көздөй гранатометтен, пулеметтен жана автоматтан аткылашкан.

«Биздеги маалымат боюнча, душмандын бүгүнкү чабуулунан жарадар болгонун төрт жоокер көз жумду», деп кабарлады Коргоо министрлиги.

БУУнун санактарына ылайык, 2014-жылдан бери Донецк жана Луганск облустарын көзөмөлдөгөн орусиячыл жикчилдер менен украин жоокерлеринин ортосундагы тирешүүдө 13 миңдей киши каза таап, 1,5 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон.

Өткөн айда Орусиянын жана Украинанын, ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск шаарындагы жолугушуусунда Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотууга багытталган жаңы макулдашуу кабыл алынып, ал 22-июлда күчүнө кирмек. Бирок тараптар макулдашуунунун бузулушу үчүн бири-бирин айыптап жатат.

Донбасстагы жаңжалды басууну көздөгөн Минск келишими биринчи 2015-жылы түзүлгөн. Анын негизги шарттары ок атышууну токтотуу, жаңжал аймагынан оор согуштук техникаларды чыгаруу, туткундарды алмашуу, ЕККУнун байкоочу кызматкерлерин аймакка тоскоолдуксуз киргизүү болгон.

XS
SM
MD
LG