Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

ЖМК: Усама бен Ладендин баласы өлтүрүлдү


Хамза бин Ладен.
Хамза бин Ладен.

31-июлда америкалык басма сөз каражаттары "Ал-Каида" террордук уюмунун мурдагы лидери Усама бен Ладендин уулу Хамза бин Ладен өлгөнүн жазып чыгышты. Жергиликтүү пресса Америка администрациянын атын атабаган өкүлүнө шилтеме жасашууда.

"NBC News" АКШ катышкан операция учурунда Хамза бин Ладен өлтүрүлгөнүнө Ак үй ынанарын биринчилерден болуп берди. "New York Times" акыркы эки жылда Усама бен Ладендин уулун өлтүрүү боюнча операциялар болуп келгенин, бирок ишенимдүү далилдер буга чейин болбогонун кабарлады.

"Ал-Каида" террордук уюмунун мурдагы лидери Усама бен Ладендин уулу Хамза бин Ладенди жарандыктан чыгаруу боюнча Сауд Арабиясынын Ички иштер министрлигинин жарлыгы 1-март күнү өкмөттүк басылмаларга жарыяланган. Кошмо Штаттары жыл башында Хамза бин Ладенди глобалдык террорчулардын тизмесине киргизип, анын жайгашкан жерин таап берген адамга 1 миллион долларга чейин сыйлык берилерин маалымдаган.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Хамза бин Ладен “Ал-Каида” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюмдун башчысы катары жарыяланган.

Өткөн жылдын июль айында “Ал-Каида” террорчу уюму тараткан аудио билдирүүдө Хамза бин Ладен атасынын өлүмү үчүн АКШдан өч аларын айтып, Вашингтонду мусулмандарды кысымга алып жатат деп айыптаган. Анын атасы 2011-жылдагы Пакистанда Кошмо Штаттардын атайын күчтөрүнүн операциясы маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG