Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Москвада 27-июлда кармалган активисттерге өкүм чыга баштады


Оппозиционер Илья Яшин Щербинский райондук сотуна алынып келе жаткан учур, Москва, 29-июль 2019-жыл.
Оппозиционер Илья Яшин Щербинский райондук сотуна алынып келе жаткан учур, Москва, 29-июль 2019-жыл.

Орусиянын соттору 27-июлда Москвадагы каршылык акциясында кармалган демонстранттар менен саясатчыларга өкүм чыгара баштады.

Дүйшөмбү күнү Москванын Щербинский райондук соту оппозиционер Илья Яшинге "коомдук иш-чараны уюштуруунун тартибин бузду" деген негизде 10 күндүк абак жазасын чектеди. Яшин Москва шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтө албай калган.

Ушундай эле айып менен 8-сентябрда өтүүчү шайлоого талапкер боло албай калган дагы бир активист Константин Янкаускас жети күнгө камалды.

Активист Валерий Родин да бийлик уруксат бербеген акцияга катышканы үчүн 12 күн абакта отурмай болду.

Ишембидеги акциянын кеминде үч катышуучусуна 10 миңден 15 миң рублга чейинки айыппул салынды.

27-июлда Москвада шаардык кеңешке талапкер катары катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыккан. Анын жүрүшүндө 1300дөн ашуун адам кармалганы белгилүү болгон.

Бир катар эл аралык уюмдар полициянын Москванын борборунда өткөн акциянын катышуучуларын камакка алганын жана аларга күч колдонгонун айыптаган.

XS
SM
MD
LG