Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Өкмөт "Коопсуз шаардын" кучагын кеңейтет


Бишкек.
Бишкек.

"Коопсуз шаар" боюнча тендердин экинчи этабы башталганы турат. Анда байкоочу камералар республиканын бардык аймагына орнотулушу керек. Аны ишке ашырууга ниеттенген компаниялардын документтери учурда тендердик комиссиянын кароосунда жатат.

Комиссия жакынкы күндөрү жеңүүчү компанияны атайт. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга белсенген компаниялардын дарамети кандай?

Тендерге катышкан төрт компания

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра турган компанияны тандоо үчүн жарыялаган тендерге төрт компания катышып жатат.

Алардын экөө орусиялык, бирөө кытайлык, үчүнчүсү БАЭнин Дубай шаарынан келген.

Тендердик комиссия сынакка катыша тургандардын документтерин 27-июнда ачкан. Бирок жеңүүчү компания азырынча атала элек.

Ал арада Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дастан Догоев "Коопсуз шаар" боюнча сынактын 2-этабына катышып жаткан дубайлык компанияны кабыл алганы тууралуу кеп тараган. Бирок Догоев бул маалыматты четке кагууда.

Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

"Жооптуу мамлекеттик орган катары биз катышуучуларга бардык шарттарды түзүп бердик. Азыркы учурда тендердик комиссия иштеп жатат. Сынакка катышкан кайсы бир компанияны өзүнчө кабыл алганга бизде шарт түзүлгөн эмес. Эгерде катышуучу компанияларда кандайдыр бир суроо болсо, аны тендердик комиссия өзү чечет".

Кыргызстандын "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга ниет кылгандардын бири орусиялык БИС (Безопасность информационных систем) аттуу компания.

Компьютерлерге тиркеме жазууга адистешкен компаниянын расмий сайтынан "Коопсуз шаардай" чоң долбоорлорду ишке ашырганы тууралуу маалымат таппадык.

БИС - Кыргызстандын "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн буга чейинки сынактарга да катышкан. Жергиликтүү маалымат каражаттары орусиялык бул компанияны Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлери колдоп жатканын жазышкан. Бирок "Коопсуз шаардын" 1-баскычында БИС эмес, орусиялык "Вега" компаниясы уткан.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга орусиялык «Вега» концерни да кызыкдар. Бул компания "Коопсуз шаардын" биринчи этабын жеңип алган. Компания орноткон камералар ишке киргенден бери өкмөт борбордо жол кырсыгы азайганын белгилеп жатат. Мунун натыйжасында 170 миллион сомдук айыппул жазылган.

Сынакка кытайлык Szsunwin деп аталган компания да катышып жатат. Компания расмий сайтына көп сандагы видео, фото маалыматтарды ыкчам анализдөөгө жөндөмдүү экенин жазган. Компания 1997-жылы Кытайдын Шэньчжэнь провинциясында негизделген.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга дубайлык ALT Technology LLC деп аталган компания да ниеттенип турат. IT багытында иштеген бул компания расмий сайтында байкоочу камераларды орнотуу, машине токтой турган заманбап жайларды куруу, электрондук тиркемелерди жөндөө сыяктуу ж.б. иштерди аркалай турганын жазган. Бирок компаниянын сайтында буга чейин "Коопсуз шаар" өңдүү чоң долбоорду ишке ашырган тажрыйбасы тууралуу маалымат жок.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дастан Догоев "Коопсуз шаардын" экинчи этабына сынак калыс өтөрүнө кепилдик берүүдө.

"Коопсуз шаар боюнча тендерде бардык катышуучуларга мыйзам чегинде бирдей шарттар түзүлөт. Мен ага кепилдик берем. Жетекчи катары бардык катышуучуга бирдей шартты түзүп берүүгө даярмын. Тендердик комиссия кандайдыр бир жыйынтык чыгара электе ар кандай оюндар болушу мүмкүн. Бирок ошондой ыплас оюнду кызмат адамдары уюштурганы билинсе, алар сөзсүз түрдө жазаланат деп ишенем".

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра турган компанияны аныктоо боюнча комиссиянын курамына УКМКдан, ИИМден, Транспорт министрлигинен, Каржы полициясынан жана "Кыргызтелекомдон" бирден өкүл кирген.

Камерадан мурда инфраструктураны оңдойлу

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ким ишке ашыра турганын аныктоо менен алек болуп жатканда камера орнотуу маселе чечпесин, адегенде инфраструктураны оңдоо зарыл экенин айткандар чыга баштады. Мындай пикирди кармангандардын бири «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов.

"Жол инфраструктурасын өзгөртпөй туруп, камераларды орнотуу маселени чечпейт. Сынакка катышкан компаниялардын кимиси утпасын "Коопсуз шаар" долбоорунун түпкү баалуулугуна жооп бербейт. Анткени камера эреже бузуунун алдын албайт. Ал болгону эреже бузууну гана каттайт. Туура, кайсы бир деңгээлде атайын жасалган эреже бузуунун алдын алат. Бирок көп кырсыктар атайлап жасалбайт. Дүйнөлүк тажрыйбаны алып карасаңыз, адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар адашып кетүүдөн, байкабай калгандан, шашкандан ж.б. факторлордун айынан болот. Демек, коопсуз жол, коопсуз тротуар, акылдуу жолчырак, жолдорду жарыктандыруу, чукул бурулуштарды кеңейтүү, жол белгилерин жакшыртуу сыяктуу инфраструктуралык маселелерди чечүү керек. Ансыз азыркы видео камералар элден акча чогултууну көздөгөн гана долбоор болуп калат".

​Эске ала кетчү жагдай, Кыргызстандын "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга Түштүк Корея, Жапония, Германия, Италия, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө иштеген компаниялардан сунуш түшкөн жок.

Бирок айрым шаар тургундары долбоордун ишке ашып жатышын жылыш катары баалашты. Алардын бири - Бишкек шаарынын тургуну Тимур Шайхуддинов:

"Бийлик "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга бир нече жолу аракет кылган. Акыры жарым-жартылай болсо да ишке ашырды. Камера орнотулган көчөлөрдө, жолдордо кыйла тартип орноду. Карапайым эл үчүн тендерди кайсы компания утканы көп деле маанилүү эмес. Маанилүүсү - коопсуздук долбоорунун акыры ишке киргени. Эми топтолгон маалыматтар жоголбой, чоочун колдорго өтүп кетпей жакшы сакталса эле болду".

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Тандалган компания бир жыл ичинде бардык уруксатты алып, өлкөнү техникалык жабдуу жана программалык комплекс менен камсыз кылышы керек.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дастан Догоевдин белгилешинче, долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландалган. Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулмакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG