Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

Жээнбеков: Баткендин чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө


Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылынын туругндары менен жолугушууда. 26-июль, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылынын туругндары менен жолугушууда. 26-июль, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат» деп билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июлда, Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып жолугушту. Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин айтты.

«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндө силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгилеп, элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болорун билдирди.

«Мен, өкмөттүн жетекчилери — Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды».

Ал ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилерин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары "Тез жардамдын" жаңы автомашинасы менен камсыз болорун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG