Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Клар Нуллис: Европада бара-бара күн мындан да ысыйт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун метеорология агенттигинин басма сөз катчысы Клар Нуллис ушул тапта Европада адаттан тыш ысык аба ырайы климаттын өзгөрүшүнүн чоң белгиси деп билдирди. Ал мындай көрүнүш барган сайын күчөй туганын эскертти.

Соңку күндөрү күн өтө ысып жаткандыктан француз бийлиги региондордо суу пайдаланууга чектөө киргизүүгө аргасыз болду.

Быйыл катуу ысык өлкөдө экинчи жолу катталып отурат. "Метео Франс" агенттиги эртең, 25-июлда башкалаада абанын температурасы рекорддук 40 градустан ашаарын эскертти.

2003-жылы аномалдуу ысык Францияда 15 миңдей адамдын өлүмүнө себепчи болгон.

Быйыл жайында Европанын бир топ аймактарында абанын температурасы кескин көтөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG