Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

«Ак-Кула» ипподромун оңдоо үчүн сынак жарыяланды


"Ак-Куладагы" оюнду көрүү учурунда тартылган сүрөт. 2017.
"Ак-Куладагы" оюнду көрүү учурунда тартылган сүрөт. 2017.

Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ат майданын жаңылоо үчүн эскиздик-долбоорго архитектуралык сынак жарыялады.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Сынактын шартында Ипподромдун азыркы имаратын бузбай, оңдоп-түзөп, жаңылоо зарылдыгы белгиленген. Концепцияга көрүүчүлөргө отургучтарды көбөйтүү, автомашина токтотуучу жай маселесин чечүү кирет.

Байге фонду 500 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн 200, экинчиге 150 жана үчүнчү орунга 100 миң сом каралган. Мындан сырткары 25 миң сомдон эки кызыктыруучу сыйлыктар бар.

Борбордук "Ак-Кула" ат майданын жаңыртуу маселеси 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көкбөрү оюнун көргөнү келген көпчүлүк ат майданга батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөнү Интернетте кызуу талкууга алынган. Ат майданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында оңдоп-түзөөгө 650 млн. сом кете турганы айтылган.

Соттун чечими менен Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы мэриянын карамагына өтүп, 2017-жылдын 20-январынан тарта ага Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ээлик кыла баштаган.

Ал жер мурда Бишкек мэриясына таандык болгон. Токсонунчу жылдардын башында Айыл чарба министрлигинин токтому менен жеке колго өтүп, Ачык акционердик коом болуп калган. Мэрия көп жылдан бери соттошуп утуп алган.

"Ак-Кула" ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу.

Бишкек мэриясы 2013-жылдан бери ат майданды карамагына алуу аракетинде "Ак-Кула" акционердик коому менен соттошуп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG