Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Украина: телеканалга «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча айып коюлду


Телекөпүрө 12-июлга белгиленген эле.
Телекөпүрө 12-июлга белгиленген эле.

Украинада Башкы прокуратура Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан «News One» телеканалына «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Башкы прокурор Юрий Луценко алып баруучулардан тартып телеканалдын кожоюндарына чейин суракка чакырылганын билдирди. Андан сырткары каналдын активдерин камакка алыш үчүн сотко доо арыз даярдалып жатканы маалым болду.

Мунун алдында «News One» телеканалынын 12-июлга белгиленген Орусия менен телекөпүрөсү болбой калган. Телеканалдын жетекчилиги муну «берүүнү даярдап жаткан журналисттер жана алардын жакындарынын коркутууга кабылганы» менен түшүндүргөн. Бирок кимдер коркутуп жатканын тактаган эмес.

«Телеканал Украина менен Орусиянын элдеринин ортосунда алгачкы жолу саясат аралашпаган телекөпүрө уюштурганы жаткан. Берүүнү саясатка караманча тиешеси жок Андрей Малахов менен Мария Ситтел алып барышмак. Ошондуктан биз телеканалга жасалган мындай мамиле Украинаны журналисттер коркутууга кабылган, эркиндиги чектелген доорго кайтарып келет деп эсептейбиз», деп жазылат билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский телекөпүрөнү «эч нерсеге арзыбаган пиар» катары сыпаттады. Бирок «анын максаты украин жарандарын экиге бөлүп, жатташтырып-кайраштыруу» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG