Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:00

Трамп: Иран от менен ойноп жатат


Дональд Трамп Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда. 1-июль, 2019-жыл.
Дональд Трамп Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда. 1-июль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранда байытылган урандын чеги ашып кеткенин айыптады. Бул тууралуу Трамп 1-июлда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда айтты:

- Алар эмне кылып жатканын билишет. Эмне менен ойноп жатканы тууралуу да кабардар. Менимче, алар от менен ойноп жатышат.

Дүйшөмбүдө Иранда төмөн байытылган урандын запасы 2015-жылдагы эл аралык келишимде каралган 300 килограммдык лимиттен ашып кеткенин ИРНА агенттиги жазып чыккан. Кабарда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифке шилтеме берилген.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бул маалыматты ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген. АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

XS
SM
MD
LG