Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Патрулдук милицияга тандап алуу боюнча тесттен 1008 киши өттү


Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.
Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.

Бишкекте түзүлө турган Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу боюнча тесттен 1008 киши өттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев кабарлады.

"Патрулдук милицияга кирүү үчүн жалпы 1291 киши документ тапшырган. Анын ичинен 1107 киши тестке катышып, тесттен 99 адам өтпөй калды", - деди Исаев.

Тест "Окуп жана түшүнүү" деп аталып, жалпысынан 30 суроодон түзүлгөн. Тестти билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору алды.

Учурда Патрулдук милицияга кабыл алуунун экинчи баскычы өтүп жатат. Анда талапкерлердин ден соолугу каралып, физикалык жактан даярдыгы текшерилет. Андан соң конкурстук комиссия менен аңгемелешүү болот. Анын жыйынтыгында 871 адам тандалып, үч ай окутулат.

Патрулдук милицияны пилоттук долбоор катары адегенде Бишкек шаарында, кийин аны башка облустарда да уюштуруу пландалып жатат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, жаңы орган өзүнүн функционалдык милдеттери жана түзүмү менен айырмаланып турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG