Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Башкы прокуратура: Атамбаев «Форумду» Пархатиге сатканы тууралуу көрсөтмө бар (видео)


Алмазбек Атамбаев «Форумдун» алдында.
Алмазбек Атамбаев «Форумдун» алдында.

Атамбаевдин «Форум» ишканасы азыр Субихи Пархатиге таандык деген маалымат бар. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында маалымат берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Ал имаратты сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлуп жатканын көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экенин айтты:

- Биз ошону кылмыш иштин алкагында изилдеп жатабыз. Келишим түзүлүп жаткандагы күбөлөрдүн түздөн-түз көрсөтмөлөрү бар. Экс-президент Атамбаевдин алдында отуруп кол койгон, аны көргөн көрсөтмөлөр бар. Ошол далилдердин жыйынтыгы менен бир чечимге келебиз.

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну караган депутаттык комиссия буга чейин Пархати аттуу адам «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирген.

Бирок Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда Субихи Пархати аттуу адам менен байланышы тууралуу кепти четке каккан.

Башкы прокурор Пархати Субихи Вуфуерович 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргыз экенин жана аны издөө иштери уланып жатканын кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG