Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Сулуу аялдын өкүтү


Үй-бүлө турмушу өз ырааты, өз нугу менен өтүп кете берет экен. Анын ичинде жеке адамдын кайгысы менен кубанычы, арманы менен сүйүнүчү аралашып, мезгил бүктөмүндө калат.

Ырысбай Абдраимовдун «Шуру» аңгемесинде адам жашоосунун өкүтү менен өксүгү козголгон.

Арзуу менен арман

Сыртынан караган адамга баары жетиштүү дегидей бейгам жашоо. Жакшы үй, келишкен зайып. Табият өң менен акылды аябаган Бактыкандын бактысы кайсы жерден мүдүрүлүп, кандайча жаза бастымга туш келгени өзүнө да белгисиз.

Окууну бүтүп, өзү каалаган жигитине баш кошуп, анысы илим менен алектенип шаарда калып, өзү райондук белгилүү кызматкер болуп, башында баары жакшы башталган.

Иш, кызмат жоопкерчилиги ага баарынан бийик болчу. Эрте кетип, кеч келип, бирок тапшырган жумушту аягына чыгармайын жаны тынбаган, жоопкерчиликти өзгөчө сезген аткаминер болду. Анан бир күнү эле шаардан келген күйөөсү жумуштан кеч келген аялы менен жашабай турганын айтып, жообун берип, чоң энесинин колундагы баласын да бербей, ажырашып кетишти.

Бактыканды эч кимиси уккусу келген жок. Иши ушундай экенин, тапшырылган жумушу бүтмөйүнчө үйүнө кетип калуу деген мамлекеттик жооптуу кызмат адамдарында жок экенин бири да түшүнө албады. Ким билет, Бактыкан ошол опурталдуу маалда күйөөсүнүн айтканын туура көрүп, кызматын таштап, баласын алып шаарга баса берсе деле болмок экен. Туура эмес кылган окшойт.

Мына эми эки кабат үйүндө өзү жалгыз. Жада калса кожурашып ойноп кирип калчу кошунасынын кичинекей балдары да жок. Жакындан бери жабышкан оорудан кичине оңолуп, өзүнө келсе эшик да, үй ичи да жымжырт. Ушундай тынчтык адамды эзип ийет экен. Элдин баары сени унутуп коюшкандай, бул дүйнөдө жалгыз өзүң гана калгандай коңултуктап, айласыз өткөн-кеткенди эстеп отуруп калат экенсиң.

Кызынын жанында отурчу бети-башын бырыш уялаган энеси да бүгүн жок. Бир жакка кеткен окшойт. Эми эстеди, кечээ сиңдиси тойго ээрчитип кетпеди беле. Мурда кызматы барында минтип жалгыз калган эмес. Жанында дайым кишилер жүрүшчү. Кызматта турганыңда ошондой экен го. Бийлик деген бийлик, жаныңда үйрүлгөндөр арбын болчу. Баарысы сенден үмүт кылып, көңүлүңдү табыш үчүн үйрүлүп турушат. Мына эми оору туткактай баштагандан бери бул үйгө Мыктыбек деген жапжаш дарыгер гана келет. Айткан убагында даяр, ийнесин сайып, тынч жатууну буйруп, анан ички органдардын кандай иштегенин текшергени тыңшоочун көкүрөгүнө коюп, назик колдору менен денесин кармалаганы жагып, дарылоосун уланта эле берсе деген алдамчы ойго жетеленип кетет. Күн сайын кайталанган мындай мамилеге көнүп, денесин талыкшыткан оорусунун аркасы менен бу жылдыздуу жигиттин колуна түшүп калганына биралды кубанып, экинчи жагынан уялчу болду.

Адам баласы кызык. Бактыкан кыз кезинде эркек аттуудан жаа бою каччу. Өзүнө тең, бар тарабы келишкен, баарынан да ичтеги шок сезимди чындап козгочу, сезимтал жигит жок экенине таң калчу. Мөлтүрөгөн сулуу кызга көз арткандар, ашык болгондор, сезимин билдирип, кат жазып, артынан ээрчигендер көп эле. Бирок алардын бирөө да көңүлүнө толчу эмес. Кыйла күндөн бери сайылган дарылардын күчүбү же көптөн бери эркек жытын искебей калганыбы, иши кылып, төшөк тартып жатып калгандан бери чакырган кезинен кечикпей келген сүйкүм жигитке көңүлү оой баштады.

Бегимай менен Раймалы болуш кыйын

Пенде дегениң ушул экен. Тиги байкуш жашы өтүп бараткан зайыпты жыккан оорудан кантип сактап калуунун аргасын издеп, колунан келгендин баарын жасап жүрсө, кесел деген аялдын сезими козголуп өзүнө кыйла жаш кичүү жигитке сугун артып отурат. Мыктыбек үчүн Бактыкан көп бейтаптардын бири. Акысын төлөп медициналык жардам алып аткан кардары. Андан башка анда эч кандай ой да, кызыкчылык да жок. Алмончоктой жары турса жашы өтүп бараткан жалгыз бой аялга кайдан сугу түшсүн? А бирок абалы жакшырып, маанайы көтөрүлгөнү бу шум аял анын колун кармап, жоодурай тиктеп ыраазылыгын ачык билдирүүгө өттү.

Мыктыбек башында буга анча маани бербей, оорудан азап чеккен бейтаптын ыраазылык билдирүүсү, сый-ыкласы деп ойлогон. Бир жолу Бактыкан дарыгер жигитти имере тартып кучактап жыттап да алды. Мыктыбек ушуга аябай таң калды. Жашамал аялдын бул кылыгы жакпаса да, катуу айта албай унчукпай тим болду. Күчтүү дарылардын таасириби же башкабы, мурда кара жаны менен алек болгон зайып бул ирет көңүл көксөөсүн ачык эле ортого салды.

«Бактыкандын чын ыкластуу кебине Мыктыбек эки анжы. «Жөөлүдү» дейин десе, аялдын ысытмасы бая түшкөн. Ишенбейин десе, сөзү өзүнө тийиштүү. Ал орто бой, кара көз, сулуу аялды иш убагында ооруса, үч кабаттуу ишканасына барып тейлечү. Бактыкан ошондо да кызматына ыраазы болгондой Мыктыбекти жанынан жылдыргысы келбей, иш бөлмөсүнөн жалооруй узаткан. Эми алда эмнеден үмүттүү тиктегени кызык. «Эмнени каалайт?» Жигит сырдуу мамилеге көңүл бурбады. Кыйла тунжуроодон соң;

— Ка-ап, мен бойдок кезде кайда элең дегендей… Азыр аты Арстан, Жолборс уулдарым бар, аялым алаканына салат, — деп азилдеше, кайра күлүмсүрөдү.

— Акылыңдан!.. Үй-бүлөңдөн айланайын! Колуктуң экөөңдүн бактың айрылбас! — Бактыкан эбедейи эзилип, эркелете жигиттин башынан сылады. — Баары сендей, аялына байланган эркек болсо кана? Карабек сенче болбоду».

Бактыкандын биринчи бактысы Карабек болчу. Артынан ээрчиген эчендердин жалыныч-сүйүүлөрү суу кечпей, тандап отуруп тапкан бактысы ошол күйөөсү эле. Ага тийгенге чейин, андан кийин да Бактыкан башка бирөө менен көз кысып, күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүрүп кеткен жок. Сулуулук сөөлөтүн бузбай, зыңгыраган бойдон жүрдү. Күйөөсүнөн корккондуктан же аны аябай сүйгөндүктөн деле эмес. Бактыкан табият берешендик менен ыроологон сулуулугун таза кармап, ага чаң жугузбады.

Анын болгон айыбы ачуусу чукул, бирөөгө жагалданбаганы, күйөөсүнө өзгөчө эзилгени, анын ою менен болуп, жанында эркелеп жүргөндү гана жактырганы. Күйөөсү анысын баалай албады, кызганычка алданып, аялы менен ажырашып кетти. Андан бери кыйла суулар акты, жылдар жылмышты. Мына эми жаш жигитке ичи эзилип, уят деген улуу журтту эсине албай сөз айтып отурат. Ыймандуу жигиттин алдында өзүн күнөөлүү сезип, бирок да козголуп алган ышкысын токтото албай ичиндеги сырын төгүп отурат.

« - Сезип турам, берекем, жактырбайсың! - Ал тартынбай, ак сүйлөдү. - Мен күсөгөндөй болбос!.. Сүйүү жаш тандабайт. Бирок экөөбүздө Раймалы менен Бегимайдай сүйүшөр эрк, кайрат, мүнөз жок. Азыр сенин тоо уратаар, кырчылдаган курагың. Миң кааласам да, мага үйлөнбөйсүң! Бирок уулунан кичүү жигиттер менен жүргөн аялдар бар… Анан эмне кылат? Ээ кайран жаштык-мастык, көздөн кайкып учту го… - Бактыкан айласы куругандай кыялга чөмүлдү. - А балким, балалуу болорбуз. Сенден төрөгөн уулумду чоңойтуп, жетелеп жүрсөм, ээ? - Тамашага чаптырды, Бактыкан.

- Койсоңуз! Биздин элде андай жоро жок. Ошондо көчөдө кантип баш көтөрүп жүрөм?»

Бактыкан мынчалык сынган эмес. Жаш кезинен үмүт артып келаткан сулуулугу да жарабай, дарыгер жигит апачык ысык илебин суутуп, бирок көңүлүн оорутпаш үчүн жубатып кирди. Ушундай сулуулугу менен белен үй, бекер оокатты жактырган бирөөнү опоңой эле таап аларын айтты. Көздүү мончок жерде жатпасын кыйытты. Жооптуу кызматтарды аркалап, бир да бирөөнөн катуу сөз укпаган, айткан-дегени эки болбогон эрке зайыптын эшиткени ушул болду. Бийликке жетем деп жүрүп тапканы ушулбу?

Тазалыкты ким баалайт?

Биринчи күйөөсүнөн ажырагандан кийин деле башка бирөө менен кол кармашып алса болмок. Бирок да кызмат, мансап деп жүрүп убактысын өткөрүп ийген экен. Канча жигиттер арасат калышты. Артынан калбай ээрчип, сезимин билдиргендердин деле убал-сообу болобу. Бийлик деп канча убактысын колдон учурду. Ата-энеси илгери үмүт менен койгон атынын үдөөсүнө чыкпай калабы?

Кызмат дегениң бүгүн бар, эртең жок экен го. Бу турмуштун куулугун кантесиң. Түлкүдөй гана мант берип туру го. Кечээ эле эчендер этегине жыгылышка кайыл болуп турган сулуу азыр кайсы бир дарыгердин алдында сынып, аялдык напсиси үчүн уят болуп, сөз айталбай уялып отурат. Мыктыбек эле кичине ийилип койсо баарын алдына жайып, панар чыракты айланган түнкү көпөлөктөй канаты отко күйүп каларын ойлобой чарк айланат беле? Ушундай заман тура.

Бактыкандын мурдагы жигиттери сулуу кыздан супсак жооп угушканда кандай абалда калышты экен? Ошол топтолгон сүрмө топтун баарын жоопсуз калтырганда бир кезде өзү ысык сезимине суу себилерин ойлоду бекен?

Мыктыбектин көңүл жубаткан сөздөрү деле кулак сыртынан кетти. Кайсы бир учурда аялдан деле падышалар чыгарын, ошондой пашайым Бактыкан болорун айтты. Андай кызматка Бактыкан азыр таңсык эмес. Ага жалгыздыгын бөлүшчү, акырындан кирип келаткан карылыкта жанында болчу жакын адам керек эле. Ошол адамга ал буга чейин тапкан-ташыганын эч ойлонбой эки кабат үйүн, чогулткан дүйнөсүн кармата беришке даяр эле. Андай адам жок окшойт.

Дарыгер жигит бекер оокат, белен ашка кызыккан бирөө-жарым чыгып калар дебедиби. Бактыканга андай ашкеби эмес, анын аялдык сезимин козгогон сүйүктүү жар керек болчу. Ошондой адам менен турмуш куруп, наристе жытын искегиси келген.

Бактыкан ойлоп отурса ага ашык болгон, анын көңүлүн алгысы келгендердин көбү мансаптуу, акчалуу кишилер экен. Мектепте окуп жүргөндө бийге чакырып, сөзгө тарткан аким окуу, үй, машине - баарын убада кылып, макулдугун сурап, сумкасына «ак мончок» салып, апачык эле асылып алган.

«Ошентип бойго жеткен жалжал көз кызга кимдер гана ашыктыгын айтпады? Билимдүү, бир сырдуу, аялдын кадырына жеткен жигитке жар болууну самачу. Ошо тейде сөз салган балдардын бирин да жанына теңеген жок. Борбордогу окууда сырдашып жүрүп, Карабек экөө баш кошту. Бирок ал үйлөнгөндөн жыл өтпөй, илимий иш жактамак болду. Бактыкан өзү туулуп-өскөн районго акимге орун басар болуп келди. Жыл маалында көз жарды. Уулун кайненеси карап, өзү кызматта жүрдү».

Жаңы ордунда да аны тынч коюшпай жашамал аким эс алуучу бөлмөсүнө чакырып, ага барбай коём деп кызматынан, анан күйөөсүнөн ажырады. Баары кызмат адамынын көңүлүн тапса көтөрүлөрүн, өлүү дүйнөгө марый турганы айтышты. Бактыкан алардын бирине да макул болбоду. Кеп жебегендери менен кадимкидей урушуп, аялдык абийирин булгабай таза сактады.

Кийин күйөөсү шаарда башка бүлө күткөнүн укту. Кызматынан кол жуугандан кийин ал өзү да айылына баса берген, керек болсо чакырып, дагы башка кызмат беришет деп күтүп жатты. Ал аңгыча заман өзгөрүлүп, башаламан доор башталып кетти. Район башкарган саналуу аткаминерлер катарындагы сулуу аял менен кимдин иши бар, убакыт колдон суурулду.

Дарыгер жигит кеткенден кийин Бактыкан башындагы жоолугун жула тартып, кундуздай кара чачын караса, арасын азыноолак ак саамай аралай баштаганын көрдү. Буга чейин күзгүдөн карап турчу сулуунун чекесин бырыш баса баштаганын байкаган. Бийлик азгырыгына кыйла жылдарын уурдаткан аял мындан кийинки тагдыры кандай болоруна көзү жетпей ойлуу турду.

Ырысбай Абдраимовдун аңгемелери 1980-жылдардан бери мезгилдүү басма сөздө жарыяланып келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG