Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Сот Абдрахмановдун КСДП боюнча доо арызын карайт


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 19-июнда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахмановдун доо арызын карайт. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттон алынды.

Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 6-июнда сотко кайрылган. Арызда ал экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери жетектеген КСДПнын 6-апрелдеги он сегизинчи курултайын жана саясий кеңештин 25-майдагы жыйынын «жараксыз» деп табууну өтүнгөн. Райондук сот аны бүгүн карай турган болгон.

Ага чейин Биринчи май райондук соту Абдрахмановдун дагы бир арызынын негизинде Юстиция министрлигине КСДПнын документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган. Андай укук «партиянын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилсин» деген чечим чыгарган. Соттун аныктамасында Абдрахманов апрелде КСДПнын мыйзамдуу төрагасы болуп шайланганы негиз келтирилген.

Учурда КСДП экиге бөлүнгөнү маалым. Бир тарабын Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин санаалашы, депутат Асел Кодуранова жетектеп жатат.

Юстиция министрлиги КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган.

Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG