Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Өлүм алдындагы өкүт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көчкөн Сактанов чыгармаларында курч социалдык проблемаларды көтөрчү.

Анын айтылуу «Адат азабы», «Маркумдар үнү» романдары баш болгон аңгеме-повесттеринде кара өзгөйлүк менен адилдиктин күрөшү баяндалган.

Аңгеме өмүрү бийликте өткөн, оозунан чыкканы кечикпей аткарылып турган аткаминер жөнүндө. Ошол илебине нан бышкан аткаминердин ичер суусу азайып, алышкан ооруга алдырып өлүм алдында жатканы баяндалат. Шыпты тиктеп жаткан кишинин эсине өткөндөрү түшөт, балалыгын эзилип эстеп, кылган-эткендерин таразалайт, абийири алдында тазаланып алууну ойлойт.

Алышкан оору алмайын койбойт

Ойрот Ташбалтаевдин төшөк тартып жатып калганына жыл ашып, аны көргөнү келгендердин баары тирүүнүн өлүгү болуп калган аткаминердин оор абалына көрүп кайтып жатышты. Өлүм маңдайына келип, аны алмайынча кетмейин сезгенден бери бейтап өткөндөрүн эстеп, ошону менен жашап калган. Өлүмдү ал ойлочу эмес, шартылдап, дени-карды соо жүрө берчүдөй сезчү.

«О, аттиң-ай, Ойрот Ташбалтаевдин өзү да бир кезде «паланча өтүптүр» десе: «Өтүптүрбү?» деп гана, бу дүйнөдөн бир адамдын өткөнүнө анын ой-санаасы анча селт этпей, бу өлүм же кепинделип, жер алдына, казанакка баш койгону бараткан маркумдун көз ирмем кайгылуу көрүнүшү, эртеби-кечпи ага эмес, башкаларга, такыр, такыр башка бирөөлөргө гана келчүдөй туюлуп, өзү болсо ушинтип эле дайыма чандыры чытырап, чүйлүсү чыгып, демине аба өрттөнчүдөй болуп, мартабалуу жүрө берчүдөй сезилчү. Анан эле бир күнү, райондон көчүп бара бергенден бир жыл кийин, катуу добул омкоргон зор дарактай, күтүлбөгөн жерден, күтүлбөгөн оору аны капыс төшөккө жыкты. Ошо бойдон тура албай калды. Төшөккө кандай чукул жыгылса, төшөктөн ошондой эле бир күнү чукул туруп кетем го деп ойлогон болчу, бирок анте албады».

Кесел жаман, сулкуюп төшөктө жатканда балалыгы эсине түшөт. Райондогу иштеген кезин негедир эстегиси келбейт. Таптаза, мөлтүр тунук балалыгы уктаса түшүнөн, күндүз эсинен кетпейт. «Эл деген котологон бир топ экен го» деп ойлочу. Ошол котологон топ элди каалагандай башкарып, социалисттик план дегенди аткарыш үчүн ал баарына даяр болчу. Алыскы жайыттарга машине жол салдырып, суу жетпеген жерлерге арык чаптырып, жылаңач козулардын өпкөсүнө суук тийбесин деп ар бирине чапан тиктирген ушул Ойрот эмес беле. Жаңычыл ойду ишке ашырыш үчүн Ташбалтаев райондогу тиричилик комбинатына козуларга чапан тиктиртип, аны чабандарга тараттырганда көбү шылдыңдап күлүшкөн. А бирок Ойроттун демилгесине эч ким ачык каршы чыга алган эмес.

Антип чарбанын малы деп чуркап жүргөнү менен Ойрот Ташбалтаевдин эмгегин негедир жогору жакта отургандар баалашпады. Коңшу райондогу Асылбаш Чаловго сый-урмат, мактоо жааса, андан кем калбай иштеген Ташбалтаевди эстегендер аз болду. Көбүнесе анын жаңылыштыктарын эстеп, ошону гана айтып туруп алышты. Асылбаш Чалов Ойрот менен кездешип сүйлөшүп калганда жерди, элди барктоо, өлүү дүйнөгө азгырылбоо жөнүндө көп айтчу. Арам дүйнө жыйнаган адамдын үйүндө уруш-талаш, чыр-чатак көп болорун, ал эч кимге бапа болуп бербесин билдирген жайы бар эле. Капырай, ошондо ушул Ойрот Ташбалтаевдин эле бүлөсүн айтып койгон экен. Мына, күйөөсү тура албай жатып калгандан бери аялынын кызыкканы - анын кайсы бир жерде көмүлгөн өлүү дүйнөсү. Баласы районду башкарып турганда элге катуулугу менен аты чыккан апасы гана Ойроттун абалын кантип жакшыртып алуунун аргасын таба албай, сары санаага батып келатат.

Жашырын дүйнө азгырыгы

Жашырын дүйнөнү Ойрот бир жолу кызуу келип чала-бучук аялына айтып койгон. Ошондон бери опсуз дүйнөнүн дарек-дайнын кантип билиштин эбин таба албай убара. Абалы оорлошуп баратканына чочулаган Ойрот Ташбалтаев мурдагы башкарма Жолборсканды атайын чакырткан. Анысы «жашырын ишибизди бирөөгө айтып, абийиримди аштай төгүп коёбу» деп коркуп келбей жүргөн. Чакырткандан кийин келбей коюш кыйын. Коркуп атып жүрөгү өлгөн байкуш бир кездеги район жетекчиси өлүү менен тирүүнүн ортосунда, эч нерсе билбей жатканын көрүп өзүнө келди. А бирок Ташбалтаев жарыкчылыкты биротоло таштай элек экен, келгендин эртеси Жолборсканды чакыртты. Тынч-амандыкты сурашкандан кийин Ташбалтаев райондогу жаңылыкты сурады.

- Чоң жаңылык деле жок, аксакал… Элетте эмне жаңылык болмок? Өзүңүз билгендей эртеден кечке иш, план… Болгон эле жаңылык: Асылбаш Чалов бизге биринчи катчы болуп келип, баягы жүзүнөн жүз отуз, ашып эле барса жүз элүүнү биринчи байге катары койгон. Ар бир короодогу койлорду бирден санатып алып, «район боюнча түкүнчө миң кой мурун кагазда гана жашаган» деп облуска отчёт бериптир. Баягы алдыңкы койчу Чуду Мудуевди жакшы билерсиз… Ошол эки жүзгө жакын «жел козунун» ордун толуктай албай, жакадан алчудай болуп мага келиптир… А менде не күнөө? Райондун айт дегенин айтып, чап деген жагына чаап, жүр деген жагына жүрүп бергем…

Мурдагы район жетекчиси менен башкарма жайыт, жайлоолорду кеп кылышып, Ташбалтаев Кырк-Күңгөй жайытын сурайт. Ал жайыттагы тикен чөптөр менен караган черди өрттөтүп, ошону менен совхоздун ак койлорунун жүнүн сактап калуу боюнча Ташбалтаев демилге көтөрүп чыккан. «Табиятты коргойлу, бирок караган менен тикенди эмнеге коргошубуз керек? Алардын жүн планын артка тарткандан башка пайдасы жок, канча жүн талаада калып калат» деп, козуларга чапан тиктирген жылы Ташбалтаев жайытты өрттөтүп салган. «Кой жайылып жүргөн учурда ар бир караган же тикендин учуна илинген жүндүн салмагын эсептей келсе, центнерден тоннага айланат экен» деген. Ташбалтаев кандай иш баштабасын, алдын-ала баарын эсептетип, негиздемесин даярдачу. Жапжашыл жайытты өрттөтүп салуунун залакасы жаман болору жалаң жүн планды гана ойлогондордун эсине кайдан келсин?!

Мына эми ошондо жабыла от коюп, бадалы жыш жайлоону өрттөп коюунун натыйжасын эми көрүп отурушат. Андан бери он жылдай убакыт өткөнү менен табият мурунку калыбына келе албай куну учуп, кейпи кетип отурат. Ар кайсы жерде соройгон караган менен кайыңдардын дүмүрү гана калып, жапжашыл жайыт мурдагыдай боло албай койду. Эл аны «Ойрот өрттөгөн жайыт» деп атап коюшкан. «Бизге караган, тикен эмес, жүн керек» деп дуулдаган аткаминерлер Ташбалтаевдин кезектеги демилгесин эч ойлонбой колдоп чыгышкан. Бадалдардан чыккан өрт жайытты каптаганда андан качмак болуп аскадан кулап өлгөн чабандын кайгылуу тагдыры Ташбалтаевдин түшүнө кирип, коркунуч каптап алган эле.

Ойрот Ташбалтаев Жолборскан башкарманы ошон үчүн чакырткан. Башкарма менен райком катчысы экөө эс алчу колоттун төрүндө шагылдуу жар бар. Ошол шагылдын четинде жалгыз түп долононун түбүндө акча-теңге катылганын Ташбалтаев Жолборскан башкармага айтат.

- Мына ошону алып… баягы учуп өлгөн койчуну билерсиң…

- Билем, билем…

- Ошонун бала-чакасына теңин бер…

Жолборскан жадап кетти. Чыга жөнөйүн десе колунан катуу кармап алган.

-… Калганын өкмөткө Чаловдун өзүнө өткөрүп берип, менден ага пенделик дубай салам айт. Бир кезде анын сөздөрү кулагыма кирбесе, «азыр өзүнөн өзү кулагына угулуп турат экен» дегиниң ага. Анан… Тигил бекитилгендин арасында бир тоголок бар… Ошону эч кимге айтпай, көрсөтпөй мага апкел… Эгер эле… Эгер эле антпесең… менин күнүм сенин да башыңа түшөт. Уктуңбу?

- Уктум, аксакал!

- Эртеңден кечикпе…

Долоно түбүнө катылган өлүү дүйнөнү Ойрот Ташбалтаев аялына же башка бирөөгө эмес, бир кезде айткан-дегенин илгиртпей аткарчу сырдакана башкармага табыштайт. Жолборскан өлүм алдында жаткан бир кездеги жетекчисинин жашырын сырды чыгарбаганына сүйүнүп, минтип ортодо оңор эмес дүйнөгө ээ чыкканына ишенип-ишенбей, эми эч кимге билгизбей эшиктеги көпчүлүк арасына билинбей аралашып кетүүнү ойлоп турса Ташбалтаевдин аялы сурак кылып атпайбы. Ал катылган дүйнөнүн чет-бучкагын билет экен. Бирок да Жолборскан деле оңой жоо эмес. Такыган аялга эч нерсе айтпады. Кексе зайып Ойрот Ташбалтаевди кайсы бир табыпка көрсөтмөкчү болуп атышканын, анысы жалаң алтынга гана көрө тургандыгын айтса да «менде кайдагы алтын» деп кеп жебеди. Анан да катылган дүйнөсүн бу жалганды таштап кетерде Ойрот Ташбалтаевдин Жолборсканга табыштап атышын айтпайсызбы. Өлүү дүйнөсүнүн дарегин аялына же кыздарына, болбосо энесине айтпай, амалкөй Жолборсканга табыштап атканын карабайсызбы. Арам дүйнөнүн жолу ошондой табышмактуу, опурталдуу.

Жолборскан ойдо жок жерден дайыны билинген баа жеткис байлыкты уккандан кийин бу сырдуу үйдөн алыстоонун аракетине өттү. Сыртка чыгып, эки кулагы үйдө болуп жаңы тигилген боз үйдүн жанындагы эски дүмүр үстүндө локуюп отурду. Аны Ташбалтаевдин «эгер антпесең менин күнүм сенин да башыңа түшөт» деген сөзү сестентти. Бирок да бул мурдагы район башчысы эмес, биротоло тирүүлүктөн түңүлүп калган бир бечара пенденин өтүнүчү болчу. Аны Жолборскан кааласа аткарбай деле коёт. Эч ким экөөнүн ортосундагы сөздү уккан жок.

Бир жылдан ашуун кыйнаган оору Ойрот Ташбалтаевди таптакыр башка адам кылып койгон болчу. Башынан өткөн кездерди шашпай сыдыргыга салып, жасаган жакшы иштери менен күнөөлөрүн таразалап, көзү тирүү кезинде кандай болсо жакшылык кылуунун, айыбын жууштун аргасын издей баштаган. Ошон үчүн өрткө кабылып каза тапкан койчунун үй-бүлөсүнө топтогон дүйнөсүнун жарымын берип, калганын өкмөткө өткөрүп берүүнү чечкен.

Айыкпас ооруга кез келбесе ал бул жашоонун баркын билбей, өзүн деле сыйлабай өтүп кете бермек экен. Оор абалга капталганда жанындагылардын ким экенин, эң негизгиси - өзүнүн ким экендигин билди. Өлүү дүйнө ар кыл амал-арга менен чогултулат экен. «Баары элдики, колхоз менен совхоздун малы жалпыныкы» деген жайыл дасторкон заманда бийлик башына жетип, районду жалгыз өзү башкарып, «планды ашыгы менен аткаралы» деп жан аябай эмгектенгени чын. Ошол жалпы элдик мүлктөн кымырып-кымтып бир топ дүйнө жыйып алганын өзү, анан саналуу кишилер гана билчү. Ал кезде бай болуш, байлыгын жаап-жашырбай ачык жашоо кайдан? Болгон нерсенин баарын катып, эч кимге билгизбей бекитип жашашчу.

Ойрот Ташбалтаев «ийгиликтерден баш адашкан» заманда жашап, дайым алдыңкы деген ишмерлердин катарында жүргөн. Анын районундагы чабандар «жүзүнөн жүз токсон козу алып», жалпы өлкө боюнча мактоого тунуп, сый-урматтын үстүндө жүрүшкөн. Ачык-айкындуулук, кайра куруу кийин келди. Ага чейин жалган ураан, өзүм билемдиктин күнү тууп, социалисттик жарыш, кошумча милдеттенмелер алынып, «кагаз жарыштар» күчөп жаткан.

Коом турмушундагы мына ушул сөз менен иштин эки ачакейлигин көрсөтө коём деп Көчкөн Сактановдун өзү да кыйла жыл бою куугунтукта жүрдү, китептери басма планына кирбей, партиялык жыйындарда сынга кабылып келди. Сөз эркиндигине азыноолак жол ачылганда совет тарыхында жабылып-жашырылып келген сталиндик репрессияны иликтеп «Маркумдар үнү» романын жазды. «Азаттык» радиосунда бир топ жыл куугунтук курмандыктары тууралуу берүүлөрдү даярдады. Жаңы коомдун орун-очок алышынын татаалдыгын баяндаган «Чөөлөрдүн заманы», «Сөз Сактановдо» сындуу курч социалдык чыгармаларын жарыялады. Өмүрүнүн соңку жылдарында «Искендер Зулкарнайн», «Сталиндин заманы» баяндарын чыгарды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG