Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Ошто ветеринардык лабораториянын ишине нааразылык чыкты


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын бир катар тургундары ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясынын ишине нааразылык билдирип жатышат. Алар «Азаттыкка» лабораторияда текшерилгенден кийин заттарды өрттөөдөн чыккан түтүндөн улам аба бузулуп, дем алуу оорлоп жатканын айтышууда.

Жергиликтүү тургун Максат Парпиевдин айтымында, нааразы тарап заттарды башка жолдор менен жок кылууну талап кылууда.

Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жетекчиси Исламбек Абдымомунов лабораториялык текшерүүдөн жана экспертизадан өткөн заттарды өрттөп жок кылуудан башка жол жок экенин билдирди.

Ош шаарындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясы 1935-жылы курулган. Анда ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизалык текшерүүлөр жүргүзүлөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG