Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Эки колунан айрылган жоокерге камсыздама төлөнмөй болду


Кыргызстан. Жоокерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Жоокерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши 10-июнда Жогорку сотто каралды.

«Кылым шамы» уюму билдиргендей, сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилди. Сот чечиминин негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө тийиш. Аталган уюм сот калыс чечим чыгарды деген баа берди.

Буга чейин жергиликтүү сот бул ишти карап, офицерлерди шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту айыпталуучулардын доо арызынын негизинде алардын бирин актаган чечим чыгарган. Аскер прокуратурасы жана «Кылым шамы» уюму буга макул болбой Жогорку сотко даттанган.

Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы кезмет учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG