Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты сотко эки жолу ишенбестик көрсөттү


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов/
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов/

Бүгүн, 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланып жатат.

Отурумдун жүрүшүндө алардын адвокаты Сергей Слесарев соттук коллегиянын төрагасы Кубанычбек Касымбековго ишенбестик көрсөттү. Слесарев бул аракетин сот бири-бирине байланышпаган үч ишти бириктирип алганы менен түшүндүрдү.

Сот кеңешүү залынан чыккандан кийин адвокаттын өтүнүчү негизсиз келтирилгенин айтып, четке какты. Мындан кийин адвокаттар сот өзү да башка бир кылмыш ишинин фигуранты экенин эске салып, дагы ишенбестик көрсөтүштү. Бул жолу да алардын өтүнүчү канааттандырылган жок.

Кубанычбек Кулматов жараянда негизсиз кармалып жатканын айтып, аны үй камагына чыгарууну суранды. Албек Ибраимов соттун өзүнө кылмыш иши козголгон болсо, алардын ишин кароого моралдык укугу жоктугун билдирди.

2-майда Бишкектин Ленин райондук соту алардын тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG