Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Киевдин мэри Кличко Саакашвилиге партиянын лидери болууну сунуш кылды


Виталий Кличко.
Виталий Кличко.

Киевдин мэри Виталий Кличко анын «Удар» партиясы мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Кличко жакында эле Украинага кайтып келген Михаил Саакашвилиге партиянын лидери болууну, «ыкчам жана натыйжалуу өзгөрүүлөр үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү» сунуш кылды.

- Мен бүгүн Саакашвилинин кайрылуусун көрдүм, анын саясий кыймылынын шайлоого катышуусуна бут тосушкан экен. Ошондуктан мен ага саясатта жөлөк болууга даярмын, - деп билдирди Кличко. – Биздин биригишибиз өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү тездетет. Экөөбүздө тең өзгөрүүлөрдүн планы жана аларды жасай алчу адамдар бар.

Кличконун мындай билдирүүсүнүн алдында Саакашвили «Фейсбуктагы» барагына «Виталий Кличко менен жаңы көпүрөнү жана Сүрөтчүлөр аллеясын көрүп чыктык. Чындап эле укмуш экен!» деп жазган.

Михаил Саакашвили Украинага 29-майда кайтып келген. Мунун алдында президент Владимир Зеленский ага Украинанын жарандыгын кайтарып берген. Өлкөгө кайтып келгенден кийин эле Саакашвили эч кандай саясий дымагы болбогонун, кандайдыр бир мамлекеттик кызматка умтулбай турганын айткан. Бирок Саакашвили ошол эле күнү түзгөн «Жаңы күчтөрдүн кыймылы» партиясы парламенттик шайлоого катышаарын жарыялаган.

Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG