Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:47

Кытай: Тяньаньмэнь окуясынын 30 жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү


1989-жылдын 3-июндан 4-июнга караган түнү демократияны жактаган студенттердин алты жумалык демонстрациясын таратыш үчүн танктар жана аскер күчү колдонулган.
1989-жылдын 3-июндан 4-июнга караган түнү демократияны жактаган студенттердин алты жумалык демонстрациясын таратыш үчүн танктар жана аскер күчү колдонулган.

Кытайдын бийлиги 4-июнда Бээжиндин борбордук аймагындагы Тяньаньмэнь аянтында коопсуздук чараларын күчөттү. Аянтта кошумча көзөмөл-өткөрмө бекеттери иштеп жатканы маалым болду. Ал эми Тяньаньмэнь аянтындагы метро станциясында туристтердин документтери текшерилип, чет элдик журналисттерге аянтка барууга жана сүрөткө тартууга уруксат берилген жок.

Коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү тууралуу Кытайдын бийлиги расмий маалымдаган жок.

1989-жылдын 3-июндан 4-июнга караган түнү демократияны жактаган студенттердин алты жумалык демонстрациясын таратыш үчүн танктар жана аскер күчү колдонулган. Анын жыйынтыгында жүздөгөн, айрым маалыматтар боюнча миңдеген адамдар өлтүрүлгөн.

Кытайдын бийлиги Тяньаньмэнь окуяларын «ыңкылапка каршы козголоң» катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG