Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Матраимов «Исмаил-Ата» фондунун демөөрчүлөрүн түз эфирде атоодон баш тартты


5-каналдын түз эфири.
5-каналдын түз эфири.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов согуш ардагери болгон атасынын ысымын алып жүргөн «Исмаил-Ата» фондунун демөөрчүлөрү ким экенин түз эфирден айтуудан баш тартты.

Бүгүн 5-каналдын түз эфиринде «Миллиондордун изи менен» деген талкуу өттү.

«Азаттыктын» ага катышкан кабарчысы Али Токтакуновдун: «Сиздердин фондду каржылап, миллиондорду которгон спонсорлорду атаңыз. Ал кишини жатка билесиз да? Элге айтыңыз» деген суроосу эки жолу кайталанып, жоопсуз калды.

Искендер Матраимов Токтакуновду «кимдир-бирөөнүн буюртмасы боюнча иштеп жатат» деп айыптап, «эгер мен кааласам, ошолордун фамилияларын берем» деди, бирок атаган жок. «Түркиядан которгон Озжан деген менин досум» деп гана билдирди.

Токтакуновдун үчүнчү ирет «сиз сөздү качырбай, спонсорлоруңуздун атын атаңыз» деген суроосуна да жооп болгон жок.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Искендер Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (RK)

XS
SM
MD
LG