Ысык-Көлдөгү «Кыргыз деңизи» пансионатында жайлоо бала бакчаларынын, жайыт комитеттеринин кызматкерлеринин катышуусу менен иш-чара башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева жакырчылык маселелерине токтолду.
Жайлоо бала бакчалары 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Өлкөдө жүздөй бала бакча бар, аларга 9100 бала тартылып, 3500 ата-эне 824 педагог жана уюштуруучу жайкысын иштеген. (BCh)