Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Жаңы Зеландия: мечитке кол салган кишиге расмий айып коюлду


Мечитке кол салуудан кийин.
Мечитке кол салуудан кийин.

Крайсчөрч шаарындагы эки мечитке кол салган адамга террорчулук боюнча расмий айып коюлду. Бул тууралуу 21-майда Жаңы Зеландиянын полициясы билдирди. Австралиялык Брентон Тарант буга чейин 51 кишини өлтүргөнү жана 40тай адамды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн айыпталган. Террорчулук боюнча ал өмүрүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң кандуу калаба катары сөз болуп жаткан окуя 15-мартта болгон. Кылмышкер мечитке жума намазга чогулгандарды туш келди атып кирген.

Бул окуядан кийин парламент өлкөдө куралдардын айрым түрлөрүн колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. 28 жаштагы Таранттын иши боюнча соттук жараян 14-июнга белгиленди.

XS
SM
MD
LG