Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Активисттер УКМКны реформалоону талап кылып кол топтоп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформа кылуу талабы менен онлайн түрүндө кол чогулта башташты. Демилгечилер петиция аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКдан тергөөнү жана Коррупцияга каршы күрөш кызматын алып салууну талап кылышууда. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова маалымдады.

«Бүгүн бул тармакты реформага түрткөнгө абдан сонун шарт түзүлдү. Келгиле, баарыбыз биргелешип президенттен реформаны талап кылалы. Бул кадамга барса, президентибиз реформатор болуп, өлкөбүздү өнүгүү жолуна түшүрөт» деп онлай петицияда жазылат.

15-майда УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов биометрикалык паспорттун бланк чырына байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG