Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

АКШ: Алабамада абортко тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Алабама штатында бойдон алдырууну дээрлик толугу менен тыйган мыйзам жактырылды. Губернатор документке кол койсо, бул Кошмо Штаттарда ушул багыттагы эң катаал чара болуп калмакчы.

Жаңы жобо боюнча аял зордуктоого туш болсо да, жада калса жакын туугандары тарабынан жыныстык катнашка мажбурланса да абортко уруксат берилбейт. Эненин саламаттыгына коркунуч туулганда гана бойдон алдырууга уруксат болмокчу.

Мыйзам долбоорун штаттын сенатынын 25 мүчөсү колдоп, алтоо каршы добуш беришти. Аялдардын улуттук уюму кабыл алынган документ Конституцияга каршы келерин билдирүүдө.

Мыйзам күчүнө кирсе, аборт жасоого аракеттенген дарыгерлер 10 жылга чейин кесилиш ыктымал, ал эми андай процедураны жасагандарды узак жылдарга эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG