Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов менен эмне үчүн жолугушканын айтып берди. Шаикованын айтымында, Кадыркуловдун катышуусунда ал кайсы бир компаниянын өкүлдөрү менен 2018-жылы декабрь айында жолугушкан. Анда мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө сүйлөшүү болгон экен.
- Жолугушууда компания менен документ даярдоо боюнча кызматташуу мүмкүндүгү талкууланган. Бирок бул жолугушуунун кийин тергөө иш-аракеттери менен байланышы бар-жогун тастыктай албайм. Муну атайын коомдук же депутаттык комиссия териштирсин, - деди ал.
Бирок УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикованын билдирүүсү боюнча жооп берди. Атайын кызмат билдирүүдө «айтылгандар чындыкка дал келбейт» деп, муну жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады. Мекеме чындыгында Алина Шаикова жана Дастан Догоев менен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов расмий эмес түрдө жолугушканын ырастап, бирок мында эч кандай жеке кызыкчылык болбогонун белгилеген. (TSh)