Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Жалал-Абад шаарында 19 көчөнү оңдоо иштери башталды


Жаңы ачылган жол.
Жаңы ачылган жол.

Шаар аймагындагы 19 көчөдө быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальттоо иштери жүргүзүлөт. Мындай маалыматты «Азаттыкка» шаардык жол башкармалыгынын башчысы Алмаз Султанкулов билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпысынан беш чакырымга жакын жол оңдолот. Шаар казынасынан асфальттоо жана жамоо иштерине 25 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Калаанын Ленин жана Жусупбек Бакиев көчөлөрүнүн аралыгындагы Токтогул көчөсү толугу менен асфальтталып, пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары шаарда 2017-жылы асфальттоо иши башталган Барпы Сейил жана Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгү толук бүтпөй турат. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен каражат толук бөлүнбөй, быйыл да иштер улантылбай турганы белгилүү болду. Жалал-Абад шаарында 258 көчөдөгү 171 чакырым жолдун 40% эскилиги жеткен. Мындан сырткары 20 көчө шагыл бойдон кала берүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG