Маданият коомдо адамгерчиликти, аң-сезимди калыптандырган эң негизги фактор экенин эске алганда абалдын канчалык коркунучтуу экенин баамдап турган чыгаарсыз. Тилекке каршы, бүгүн кыргыз маданияты кыргыз атуулунун көз алдында жеңилүүгө учурады.
Маркум Салижан Жигитовдун «Кыргызга качан орусча айтсаң ишенет» деп айтканын эми гана түшүнүп отурам...
Азыр айрым жаштар Оштогу Сулайман Тоону «сюлиманка», Бишкектеги Жибек Жолу көчөсүн "жибечка" деп айтышат. Айрымдар ата-энеси жакшы ниет менен койгон ысымын Баха, Тоха деп, дагы бир даарынын арабчага өзгөртүп жатканы кайсы бир деңгээлде улуттук маданиятыбызды паска урганга жатат.
Кийим, тамак-аш дагы улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү. Бирок соңку кезде кийинүү маданиятыбыз да өзгөрүп баратканы байкалат.
Айрыкча дааватка чыгып, динге берилип кеткен бурадарлар араб маданиятына ыңгайлаштырып кийинип жатышат. Мен бул кишилерди айыптагым келбейт, бирок эркин ой жүгүртүүгө чакырат элем.
Анткени бул түшүнүктү карманган кишилер адатта кийген кийими менен азирети пайгамбарга окшоп жүргөнүн, сооп табаарын, бейишке кирээрин айтышат. «Ким бир коомго окшогонго аракет кылса, анда ал ошол коомдон болуп саналат» деген маанидеги хадисти далил келтиришет.
Бул хадистин чын-төгүнүн изилдөө керек. Эгер азирети пайгамбардын оозунан чыкса, кандай шартта, кимге карата, эмнени назарга тутуп айтты деген суроолорго так жооп алуу зарыл. Анткени пайгамбардын дүйнө таанымында сырткы көрүнүшкө маани берүү деген принцип такыр жок.
Муну кайра эле пайгамбарыбыздын «Алла силердин сырткы көрүнүшүңөргө жана байлыгыңарга карабайт. Ал силердин жүрөгүңөргө жана амалыңарга карайт» деген хадисин мисалга тартсак болот.
Мында сырткары, Исламдын негизги булагы болгон Куран принциптеринин эч биринде сырткы көрүнүш баалуулук катары таанылбаганын эске сала кетким келет.
Тарыхый анализ. Бүгүн Кыргызстанда сүннөт көйнөк катары бааланган кийимдер пайгамбар жашаган географиялык чөлкөмгө ылайыкташкан. Эгер азирети пайгамбар ысык жерде эмес, аба ырайы катаал чөлкөмдө жашаганда калың кийинмек. Мисалы, кыргыздын ичинен чыкканда калпак киймек, жылкынын этин жемек, көкбөрү ойномок...
Чындык кээ бирөөлөргө катуу тийиши мүмкүн бирок катанын кай жеринен кайтсаң, ошончо пайда демекчи, демек кийимди Исламдын баалуулугу, сүннөт катары караганга эч кандай негиз жок.
Аялдардын кийинүү нормалары жөнүндө айта турган болсок, бул жердеги эң негизги белгилөөчү критерий - бузукулуктун алдын алуу болгон. Нур сүрөөсүнүн 31-аяты туура контекстте окулса, бул жердеги буйрук кандайдыр бир стилде кийинип жүрүү эмес жамандыктын, бузукулуктун алдын алуу таризинде кийинип жүрүү экендиги түшүнүктүү болот.
Анткени ошол учурда аялдардын кийингени адептик нормага жооп бербеген абалга келип, коомдо бузукулук арбып бараткан. Тийиштүү аяттагы буйрук - бул маселеге бөгөт коюу үчүн ташталган эң жөнөкөй кадам болгон.
Ал эми ушу күндө бул критерийди кылдаттык менен кайрадан карап чыгуу зарыл. Тилекке каршы, азыр көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруш үчүн кийинип, жоолук салынып алгандар деле кездешет.
Мусулманча кийинип жүрүү акырындык менен мода секторунун кулуна айланып баратат. Кымбат, маркага, брендге басым жасаган «мусулманча дүкөндөр» да пайда боло баштаганы байкалат.
Жоолук оронуу - аялдын намысын коргогон эң жөнөкөй перде болуп саналат. Бирок аялдын намысын коргогон эң маанилүү тосмо, перде - бул анын илим-билими, алеп-ахлагы. Так ошол себептүү оронуу сырттан ичти көздөй эмес, ичтен сыртты көздөй болууга тийиш!..
Тактап айтканда, алгач адам илим алууга, алган илими менен адебин, адамгерчилигин өнүктүрүүгө тийиш. Мына ошондон кийин гана жоолук салынып жүрүү орундуу болот. Илим-билимден, адептен, дурус адамгерчиликтен узак болуп туруп, белгилүү диний жөрөлгөлөрдү аткарып толук кандуу мусулман аял болуу мүмкүн эмес. Дагы ачык айта турган болсок, чүпүрөк аялдын намысын коргобойт, бейиштин эшигин ачпайт.
Дос күйдүрүп айтат демекчи, бул сын пикирибиз, ой толгоолорубуз азырынча багытын таба албай жаткан ага-инилерге, эже-карындаштарга арналат. Мусулман мусулмандын күзгүсү дейт, каталарыбыздан оор запкы тартып калбастан убагында ондойлу...
Элмурат Кочкор уулу, Түркия
Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.