Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Талибдер эмдөө жүргүзгөн эл аралык уюмдарга тыюу салды


Ооганстан, Кандагар. Эмдөө акцияларынын бири. 19-февраль, 2019-жыл.
Ооганстан, Кандагар. Эмдөө акцияларынын бири. 19-февраль, 2019-жыл.

Ооганстанда талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда Эл аралык кызыл чырым комитетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишмердигине тыюу салынды. «Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид ал эл аралык уюмдар иш алып барган жерлерде «шектүү» аракеттер байкалганын билдирди.

«Алар өздөрүнө алган милдеттерди аткарбай, эмдөө учурунда өздөрүн шектүү алып жүрүшөт» деген кыймылдын өкүлү «калган уюмдар эркин иштей беришет» деп кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдардын шал оорусу жоюлмак турсун, кооптуу илдет күчөп жаткан Ооганстанда эмдөө жүргүзүп келет. Уюмдун расмий өкүлү талибдердин эскертүүсүнөн кабардар экенин маалымдады.

Ал эми Эл аралык кызыл чырым комитети коопсуздукка байланышкан себептерден улам Ооганстандагы ишин убактылуу токтотконун билдирди.

Дээрик 20 жылдан бери жарандык согуш тынчыбай жаткан бул өлкөдө саламаттык сактоо, медициналык тейлөө өтө начар абалда.

XS
SM
MD
LG