Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Судан: президент Омар ал-Башир нааразылыктан улам бийликтен кетти


Борбор шаар Хартумда армия штабынын алдында чогулуп турган адамдар. 11-апрель, 2019-жыл.
Борбор шаар Хартумда армия штабынын алдында чогулуп турган адамдар. 11-апрель, 2019-жыл.

Суданда 30 жылдан бери бийлик тизгинин кармап келген президент Омар ал-Башир кызматтан кетип, убактылуу өкмөт өлкөнү башкаруу боюнча кеңешме өткөрүп жатканы кабарланды. Түмөндөгөн судандыктар бейшембиде баш калаа Хартумдун көчөлөрүнө чыгып, президенттин бийликтен кетишин майрамдап жатышат.

1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан. Алгач ага өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы, накталай акчанын жетишсиздиги түрткү болуп, кийинчерээк президенттик башкарууга каршы ураандар айтыла баштаган. Акыркы алтын күндөн бери Хартумда миңдеген адамдар армия штабынын алдында чогулуп турушкан.

XS
SM
MD
LG