Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, президент болушу мүмкүн деп жоромолдонуп жаткан Дарига Назарбаева кезексиз шайлоого барбай турганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Касым-Жомарт Токаев шейшембиде элге кайрылуусунда Казакстанда 9-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жарыялады. Токаев өз чечимин өлкөгө «кезексиз президенттик шайлоо зарыл» деп негиздеди:
«Кезектен тыш шайлоо тууралуу чечим кабыл алуу - өтө маанилүү кадам. Биз элбашыбыздын артында эркин, кубаттуу мамлекет курдук. Казакстан эл аралык чөйрөдө өз ордун тапты. Бүткүл дүйнө бизди белдүү өлкө катары тааныды. Азыр тарыхый учурду баштан кечирип жатабыз. Бийлик мыйзамдуу жана тынч жол менен алмашты. Муну дүйнө коомчулугу кубаттады. Мамлекет башчы катары мен өз милдетимди жана жоопкерчилигимди терең сезем. Президенттик кызматка киришкенден тартып аймактарды кыдырдым. Интеллигенция, эмгекчилер, бизнес өкүлдөрү, инвесторлор, эл аралык ишмерлер менен жолугуштум. Калктын көңүлүндөгү көйгөйүн жакшы билем».
Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурдагы шайлоонун тартибин Нурсултан Назарбаев, парламент спикери, Конституциялык кеңеш менен акылдашканын, бул багытта партиялардын өкүлдөрү менен да жолугушканын кошумчалады. Шайлоо «ачык жана адилеттүү өтөрүн» белгилеп, бирок өзү ага катышар-катышпасын айткан жок:
«Мен биз туура жолдо баратабыз деген тыянакка келдим. Эл башы салып кеткен жол менен жүрөбүз. Коомдук-саясий туруктуулукту камсыздап, алдыга ишенимдүү жылып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүү үчүн бизге айкындык зарыл. Анын үстүнө дүйнөдө кырдаал да бат өзгөрүп жатат. Бул мекенибиздин коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн. Ички жана тышкы саясаттагы туруктуулукту сактап, элбашынын социалдык программалары менен стратегияларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ишти улантуу керек. Муну элдин түз шайлоодогу тандоосу менен ишке ашырса болот».
Ушул эле күнү Токаев президенттик шайлоону 9-июнда өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясына, өкмөткө, район-шаар, облус жетекчилерине шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоону уюштуруу тапшырылды.
Быйыл 19-мартта Нурсултан Назарбаев бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялап, президенттин милдетин аткарууну Сенаттын ошол кездеги төрагасы Токаевге өткөрүп берген.
20-мартта Касым-Жомарт Токаев ант берип, мамлекет башчысынын кызматына киришкен. Ал эми Сенаттын төрайымы болуп Назарбаевдин тун кызы Дарига шайланган, кызматы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланган.
Казакстанда жана эл аралык коомчулукта Дарига Назарбаеваны атасынын мураскери катары көрүп, анын ордун басышы ыктымал деген жоромолдор айтылган. Бирок анын кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин 9-апрелде жардамчысы Сауле Мустафаева «Tengrinews.kz» сайтына билдирди. Кийинчерээк «Zakon.kz» сайты Дарига Назарбаева «мыйзам боюнча ар бир жаран талапкер катары шайлоого катыша алат. Кимди көрсөтүүнү саясий партиялар чечет» деп айтканын жарыялады. Бирок ал эгерде партия өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүнү сунуш кылса, аны кабыл алабы-жокпу айткан эмес.
Негизи Казакстанда «улут көсөмү» деген наам алган алгачкы президент Назарбаев кызматтан кетерин жарыялагандан кийин кезексиз шайлоо өтөрү болжолдонуп жаткан. Астанадагы Борбор Азияда демократияны өнүктүрүү фондунун жетекчиси, саясат таануучу Толгонай Умбеталиева эртеби-кечпи бийлик өз чечимин жарыяламак деген оюн айтты:
«Азыр күтпөсөк да, бир-эки аптанын ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышын күтүп жатканбыз. Эми талапкерлер көрсөтүлүшү керек. Бирок адилеттүү түрдө талапкерлер тандалат деп айтууга болбойт. Шайлоого эки ай гана калбадыбы. Алты партия бар, алардын баары талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Алар барабы же жокпу деген суроо туулат. Эл арасынан да талапкерлигин койгондор чыгышы мүмкүн. Бир чети азыр биринчи жолу жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат. Мурда туңгуч президент менен ат салышуу кыйын болчу да. Ушу тушта эл арасынан да талапкерлердин катышуу мүмкүнчүлүгү бар».
Казакстан эгемендик алгандан тартып президенттик шайлоолор 1991, 1999, 2005, 2011, 2015-жылдары өткөрүлдү. Бирок Баш мыйзамда жазылгандай бир ирет, 2005-жылы гана шайлоо өз убагында өткөн. Кезексиз президенттик шайлоо акыркы жолу 2015-жылдын 26-апрелинде болгон. Ушул шайлоолордун баарында жана президенттин ыйгарым укуктарын узартуу боюнча өткөн референдумда да Нурсултан Назарбаев көпчүлүк добуш менен утуп чыккан. Ал кызматтан кетип жатканын жарыялаган маалда Казакстанга лидерлердин жаңы мууну зарыл экенин айтканы бар.
Назарбаев президенттик кызматтан кеткени менен «Нур-Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп, бийликтеги таасирин сактап калды. Эми Назарбаев башында турган бийликтеги «Нур-Отан» партиясы президенттикке кимди сүрөй турганын расмий жарыялашы керек.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар, жалпы улуттук бирикмелер көрсөтө алат.
Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев да, президенттин кызы Дарига Назарбаева да бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын мүчөсү.
Өлкөдө болочок президенттин ыйгарым укуктары Нурсултан Назарбаевге салыштырмалуу аз болот. 2017-жылы өзгөртүлгөн Конституция боюнча кадрдык жана саясий маселелерди чечүүдө көбүрөөк укуктар парламентке берилген.