Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстан жылына Орусиядан 1,1 млн. тонна мунай өндүрүмүн алат


«Газпром» компаниясынын ишканаларынын бири.
«Газпром» компаниясынын ишканаларынын бири.

Президент Владимир Путин Бишкектеги мамлекеттик сапарында Орусия Кыргызстанга 2012-жылдан бери жылына 1,1 млн. тонна мунайды жана мунай өндүрүмдөрүн бажы төлөмүн албастан экспорттоп жатканын маалымдады. Путиндин айтымында, мындай жеңилдик кыргыз экономикасына 2 млрд. доллардай жардам болууда.

Ошондой эле орус президенти «Газпром» компаниясы аркылуу Кыргызстандын аймагын газдаштырууга 16 млрд. рубль жумшалганын белгиледи. Путин газдаштыруу үчүн 100 млрд. рублга чейин инвестиция жумшаларын маалымдады.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолуккан. Анда Миллер компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жыл ичинде жалпысынан 20 млрд. рубль инвестиция салууга милдеттенгенин, ушу күнгө чейин 26,5 млрд. рубль инвестиция жумшаганын билдирген.

2014-жылы Кыргызстандын «Кыргызгаз» ишканасы Оруcиянын «Газпромуна» сатылып, «Газпром-Кыргызстан» түзүлгөн. (ТСГ)

XS
SM
MD
LG