Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Активисттин адвокаты: Карымшаковдор мыйзамсыз кармалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-март күнү Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыгып, жубайы менен кошо кармалган Нурлан Карымшаковдун жактоочусу Замир Жоошев активисттерге коюлган айыптарды туура эмес деп эсептей турганын билдирди:

«Конституциялык укугунан пайдаланып пикирин билдирип чыгышкан. Аларга «улут аралык кастыкты козуткан» деп иш козгоп жатышат. Бул жерде Путин улутпу же динби? Бул жерде адам жөнүндө кеп болуп атат. Экспертизанын корутундусун буюртма деп эсептейм».

Активист 27-мартта, түшкө чейин орус элчилигинин алдына президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыкканда Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери аны жубайы менен кошо кармап кетишкен. Жактоочунун айтымында, милиция активистти «плакаттарда улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар» деген жүйө менен кармаган.

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, Биринчи май райондук соту Карымшаковдордун үйүн тинтүүгө да уруксат берген.

Нурлан Карымшаков жубайы экөө тең учурда ички иштер башкармалыгында кармалып турушат. Укук коргоочулар аларга дээрлик 15 саат бою тамак берилбегенин белгилешүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Бишкекте жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG