Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Абылгазиев: Сауд Арабиясынан келген туристтер көбөйүүдө


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки тарап соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы маселелерди талкуулашты. Абылгазиев Сауд Арабиясы Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү жана анын тышкы саясатында өзгөчө орду бар экенин белгиледи.

«Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келип эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Арабиясынан келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жатканы кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

22-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG