21-мартта Бишкектеги "Ак-кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасынын тай казанына катары менен алты улак салып, жеңишти илип кетти. Оюн эсеби 6:1 менен аяктады.
"Ынтымак" менен "Достуктун" оюну
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.