Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Ак үй «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун үч кызматын жабууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 2020-жылга сунуш кылган мамлекеттик бюджеттин долбоорунда Глобалдык медиа агенттигинин каражатын 22% кыскартуу жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун үч кызматын жабуу каралган.

Бул тууралуу маалымат АКШнын Глобалдык медиалар агенттигинин сайтында 18-мартта жарыяланды. Ага ылайык, «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун бюджетин 2019-жылкы 124 млн. доллардан келерки каржы жылы 87 млн. долларга түшүрүү сунушталган.

Чыгашаларды азайтуу максатындагы кескин чаралардын ичинде эл аралык радионун грузин, татар-башкыр жана Түндүк Кавказ кызматтарын жабуу каралган. Ошондой эле Балкан кызматтарынын айрым программаларын да токтотуу сунуш кылынган. Президент Трамптын администрациясынын бул сунушу эми Конгресстин кароосуна жиберилет.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун аткаруучу президенти Дейзи Синделар «2020-жылкы бюджет боюнча сунуш - узак жараяндын биринчи баскычы» деп түшүндүрдү.

«Айрым өлкөлөрдөгү бизди сындагандар биздин кетишибизди көргүсү келсе да өтө маанилүү ишмердигибизди улантыш үчүн адаттагыдай эле АКШдагы бизди колдогон өнөктөштөрүбүзгө таянабыз», - деди Синделар.

Учурда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун берүүлөрү 22 өлкөдө 26 тилде уктурулат. Эл аралык радионун милдети – обьективдүү, калыс, бейтарап маалымат таратуу.

XS
SM
MD
LG