Крымдын аннексиясынын беш жылдыгын утурлай Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Орусияны кайрадан сындады. Ал 17-марттагы билдирүүсүндө Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын талап кылган позициясынан кайтпай турганын билдирди.
- Европа Биримдиги эл аралык мыйзамды бузган бул кадамды тааныбайт жана айыптоону улантат. Бул эл аралык коопсуздук үчүн чоң көйгөй бойдон кала берет, - деп билдирди Могерини.
Крымдын аннексиясы Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин Орусияга качып кетишине жол ачкан "Евромайдан" окуяларына удаа эле башталган. 2014-жылдын 27-февралында Украинанын Крым аймагында "жашыл кишилер" деген атка конгон белгисиз аскерлер пайда болуп, алар Крымдын парламентине, Симферополдогу аэропортко көзөмөлүн орнотушкан.
2014-жылдын 16-мартында Крымда көз карандысыздыкты жарыялоо жана Орусиянын курамына кирүү тууралуу маселе референдумга коюлуп, анын жыйынтыгы менен Орусия 18-мартта жарым аралды федерациянын бир бөлүгү деп жарыялаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Крымдын аннексиясын мыйзамсыз деп тааныган. Мындай резолюцияны көпчүлүк өлкөлөр колдоп, 11и гана каршы болгон.
Украин бийлиги Орусияны "баскынчы өлкө" деп атап келет. Москва крымдыктар өз ыктыяры менен Орусияга кошулууну чечкенин белгилеп, сын-пикирлерди четке кагууда.
Орусия үчүн "чоң майрам"
Кремлдин басма сөз кызматы орус президенти Владимир Путин Крымдын Орусиянын карамагына өткөнүнүн беш жылдыгын белгилөө үчүн 18-мартта жарым аралга сапар алаарын маалымдады.
Крымда бул дата чоң майрам катары белгиленип, атайын иш-чаралар өткөн аптада эле башталган. Маселен 15-мартта Симферополь шаарынын борборунда жүздөгөн адамдар катышкан жүрүш өткөн.
Борбордук көчөдө орус байрагы менен президент Владимир Путиндин сүрөтүн көтөргөндөр агылып, Орусияны даңктаган ырлар жаңырган.
- Беш жыл мурда Крым менен Севастополь өз үйүнө, Орусияга кайткан. Бул окуя тарыхка кирсе керек. Бирок биз аны дайыма эстен чыгарбашыбыз зарыл. Крым менен Севастополдун эли кандай иш кылганын, эмнеге чыдаганын эстеп жүрсөк, элдин бири-биринен бөлүнүп калышына мындан ары эч качан жол бербейбиз, - деп билдирген бул иш-чарага атайын Москвадан келген, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин.
Ал Симферополдогу сапары маалында жарым аралдын Орусияга каратылышында президент Владимир Путиндин кадамдары чечүүчү фактор болгонун да белгилеген.
Крым татарларынын тагдыры
Эл аралык коомчулуктун айыптоолору жана расмий Киевдин кескин каршылыгына карабай беш жыл ичинде Крымдын макамы өзгөрүп кеткен жок. Жарым аралдын аннексиясынан өзгөчө жабыркаган ондогон крым татарларынын абалы да жакшыра элек.
Татар активисти Ильми Умеров учурда Киевде, ал эми анын жубайы менен үй-бүлөсү Крымда жашап жатат. Ал кезинде крым татарларынын жарым расмий межлисинин төрага орун басары эле. Москва бул бирикменин ишин 2017-жылы токтотуп койгон.
Умеров ошол эле жылы сепаратизм айыптары боюнча эки жылга абакка кесилип, бирок Түркиянын арачылыгы менен кайра бошотулса да, Крымга кайта албай калды.
- Эгер төрт же төрт жарым жыл мурда менден сурасаңыз, мен кырдаал бир же бир жарым жылда жөнгө салынат деп айтмакмын. Бирок беш жыл өтүп кетти. Бүтчүдөй түрү жок. Ошентсе да биз максатыбыздан баш тартпашыбыз керек. Биз күрөштү уланта беришибиз зарыл, - деди Ильми Умеров
Күрөш демекчи, Крымдын аннексиясын улай Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен украин күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кармаш тутанган. Украинанын армиясынын бул күрөшү алигиче уланып жатат. Донбасстагы кармаштан беш жыл ичинде 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.
Крым жана Донбасс окуяларынан улам Батыш өлкөлөрү Москвага санкция салган. Крымдын аннексиясынын беш жылдыгын утурлай АКШ, Евробиримдик жана Канада 15-мартта санкцияны кеңейтип, дагы ондогон орусиялык расмий өкүлдөрдү жана ишканаларды кара тизмеге киргизди.