Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Баткен: Окуяны биргелешкен топко иликтетүү боюнча сунуш айтылды


Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек. Кыргыз тарап ушундай сунуш киргизгенин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди:

- Тажик тарап айткан маалымат боюнча, буларда каза болгондор да бар экен. Биз «Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги катышкан биргелешкен тергөө топторун түзөлү»​ деп сунуш кылдык. Тергеп, жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма бердик. Алар чогуу жумушту башташты.

Разаков 14-марттан бери Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, жаңжал чыккан аймакта азыр абал тынч, топтолгон эл жок, жабылган жолдор ачыла элек. (JsA)

Толук: Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

XS
SM
MD
LG