Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Табып Зайналиев «Апрель ТВнын» журналисттерин кууп чыкты


Ашым (Хашим) Зайналиев өзүнүн мекемесинен кабарчыларды түртүп чыгарып жаткан учуру. 11-март, 2019-жыл.
Ашым (Хашим) Зайналиев өзүнүн мекемесинен кабарчыларды түртүп чыгарып жаткан учуру. 11-март, 2019-жыл.

Соттун чечими аткарылып жатканынан кабар алыш үчүн барган «Апрель» телеканалынын журналисттерин Ашым (Хашим) Зайналиев өз мекемесинен күчкө салып кууп чыкты. Бул тууралуу телеканал өзүнүн кабарчысы Юлия Кулешованын сөзүнө таянуу менен кабарлады.

Телеканал өз сайтына койгон тасмада көрүнүп тургандай, журналист жана оператор имаратка кирип, Зайналиевди кепке тартууга аракет кылганда ал кабарчыларды түртүп жибергени көрүнөт. Журналисттер өздөрү табып аларга кол көтөргөнүн айтып, милицияга арыз жазышты.

19-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Мындай өтүнүч менен сотко райондук прокуратура кайрылып, саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегенин жана ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишин жүйө келтирген.

Зайналиев «2016-жылы бирөөнөн алдап акча алган» деген күнөө менен былтыр 22-декабрда кармалып, тергөө бүткөнгө чейин камалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ага Жазык кодексинин «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» жана «Алдамчылык» беренелери менен ишин козгогон. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин Зайналиевге карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Министрлик ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

Табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан адамдар бар экенин айтып жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG