Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

"WikiLeaks" сайтына маалымат берген Челси Мэннинг кайра камалды


2013-жылы "Wikileaks" сайтына жашыруун маалыматтарды берген деп айыпталып камалып чыккан Челси Мэннинг 8-март күнү кайра камалды.

Ал АКШнын Виржиния штатында башка бир жашыруун маалыматтарды тараткан кишилердин үстүнөн жүрүп жаткан тергөөдө көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн ушундай чара колдонулганы кабарланууда.

АКШнын атайын кызматынын мурдагы өкүлү Челси Мэннинг 2013-жылы "Wikileaks" сайтына жашыруун маалыматтарды берген деп айыпталып, 35 жылга камалган.

Иракта кызмат өтөгөн учурунда ефрейтор Мэннинг “Викиликске” Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар жөнүндө миңдеген жашыруун маалыматты бергени үчүн айыпталган. 2014-жылы ал АКШнын аскер абагында жатып, жынысын жана атын расмий түрдө алмаштырган.

Анын түрмөдө жаткан убакта бир нече жолу өзүн өлтүрүүгө жасаган аракетинен улам, укук коргоочулар ошол кездеги президент Барак Обамадан ага кечирим беришин өтүнүп кайрылгандан кийин түрмөдөн бошогон.

XS
SM
MD
LG