Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Алдамчылар тажик жарандарын сыздатты


"Škoda"автозаводу. Млада-Болеслав. Чехия. Апрель 2016-жыл.
"Škoda"автозаводу. Млада-Болеслав. Чехия. Апрель 2016-жыл.

Тажикстанда "Гардуна" компаниясынын үч жетекчиси камакка алынды. Алар 200дөн ашык кишини Чехияда жакшы ишке орноштурууга убада берип, акча чогулткан бойдон алдап кеткен деп айыпталууда.

Бул иш боюнча чех жараны да шек саналып жатат. Тажик бийлиги ага эл аралык издөө жарыялоого аракеттенүүдө.

Тажикстандагы "Гардуна" фирмасынын жетекчиси Бахтиер Арабов, анын орун басарлары Тохир Рустамов жана Тоус Хушкадамова отуз алты кишинин алданып калганы тууралуу арызынан кийин кармалды.

Чехиядагы "Škoda" деп аталган автоунаа заводуна айлыгы жакшы ишке орношуу үчүн жалпы 231 киши акча берип, кайтара албай жүргөнү белгилүү болду. Компания жумушка орноштуруу убадасы менен алардын ар биринен 500 доллардан 1320 долларга чейин чогулткан. Европада иштөөнү каалагандардын теңинен көбү каражатты банктан насыяга алганын айтып жатышат. Бирок алар аты-жөнүн ачык айтууну каалаган жок.


- Бизге "Шкуда" заводунда иштейсиңер деп сөз беришти. Эмгек келишимин да түзгөнбүз. Ал жактан 1300-1400 доллар айлык аларыбызды айтышкан.

- Чехияга барууга макул болдум. Кандай документтерди алып келишим керектигин айтышты. Мен банктан миң доллардан ашык насыя алдым. Чехияда иштесем, ал карызды бат эле төлөп коем деп ойлогом. Эми беш айдан бери насыя төлөп келе жатам.

"Гардуна" фирмасына алданып калгандар Тажикстандын ар кайсы аймагынан келген. Компания аларга виза, ишке уруксат тууралуу документтерди, Чехиядагы автоунаа заводунун жатаканасынан орун берилерин, ай сайын 1300 доллар маяна төлөнөрүн убада кылган. Кайрылгандардын баары адистиги жана иш тажрыйбасына карабай тизмеге киргизилген.

Алданып калгандар компаниянын Тажикстанда лицензиясы болгондуктан, ага ишеним артканын билдиришүүдө. Бирок жарым жыл ичинде бир да адам Чехияга кетпегенин ысымын айтууну каалабаган жабырлануучу билдирди.

- Алданып калгандар ызы-чуу салбашы үчүн он кишини Чехиянын визасын алуу үчүн Өзбекстанга жиберишти. Алар деле эч нерсе жок кайтып келишти.

Берген акчасын кайтара албай жүргөндөр үмүт үзбөй күн сайын прокуратура менен Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгына келип турушат. Шектүү тарап өз пикирин билдире элек.

Укук коргоо органдары аларга карата Тажикстандын Кылмыш кодексинин 247-беренеси, "өтө чоң өлчөмдө акча уурдаган" деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Алар Чехияда ишке орношууну каалагандардан канча акча алганы такталууда. Ал эми алданып калган ар бир киши менен Интернет аркылуу байланышып, бардык маселе жакын арада чечилет деп жооткотуп, иш берүүчү "Škoda" заводдун, жатаканалардын сүрөттөрүн жиберген чех жараны Вацлав Скохоутилге эл аралык издөө жарыялана турганы айтылды. Жабырлануучулардын айтымында, "Гардуна" компаниясынын жетекчилери кармалгандан кийин чех жараны байланышка чыкпай калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG