Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Елисеев: Мага Атамбаевдин тушунда иштегендер жардам сурап кайрыла баштады


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге юридикалык кызмат көрсөтүп келген адвокат Алексей Елисеев өзүнүн адвокаттык лицензиясынан ажыраганы тууралуу эч кандай билдирүү албаганын "Азаттыкка" билдирди. Ал учурда Атамбаевдин убагындагы саясатчылар андан юридикалык жардам сурап кайрылып баштаганын айтты.

Бүгүн Юстиция министрлигине караштуу адвокатура жана нотариат башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев басма сөз жыйында Алексей Елисеев адвокаттык лицензиясынан ажыраганын билдирген. Бирок ал качан ажыраганын айткан эмес.

- Менин адвокаттык лицензиямды артка кайтарып алгандыгы тууралуу Кыргызстандын Юстиция министрлиги мага эч кандай маалымат берген эмес. 2014-жылдын июль айында Кыргызстанда адвокатура жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, ага ылайык бардык адвокаттар атайын түзүлгөн адвокатурага кирүүгө милдеттендирилген. Мен арызымды жазып, тапшыргам, бирок прокуратура жана Юстиция министрлиги тарабынан кысымдан коркуп, менин арызымдын кабыл алынган-алынбаганы белгисиз бойдон калган. Кандай болбосун мага расмий маалымдама келиши керек эле, себеби мен анын үстүнөн арызданганга укугум бар болмок, - деди Елисеев.

Алексей Елисеев эл аралык адвокаттар ассоциациясынын мүчөсү экенин айтып, учурда Латвияда юридикалык кызмат көрсөтүп жүргөнүн кошумчалады. Анын айтымында ага кайрылган кардарлардын көбү Интерполдун издөөсүндө болуп, бирок кийин ал тизмеден алынып салынгандар.

Юрист Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясына байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова соттолгон. Саляновага 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан. (KR)

XS
SM
MD
LG