Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Мэй: Солсбери уудан тазаланды


Премьер-министр Тереза Мэй. 4-март 2019-жыл, Солсбери
Премьер-министр Тереза Мэй. 4-март 2019-жыл, Солсбери

Туура бир жыл мурда Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия “Новичок” деген зат менен ууландырылган. Ал окуя “кансыз согуштан” берки ири “тыңчылар согушуна” алып келди.

Ал эми Солсбери кадимки ырааты менен жашап келет. Элди дүрбөлөңгө салган былтыркы окуянын изи жуулгандай.

Дүйшөмбү күнү британ өкмөт башчысы Тереза Мэй Солсбериге барып, «химиялык куралдын чабуулуна туш болгон шаар үчүн кол салуунун бир жылдыгы маанилүү» экенин белгиледи. Премьер шаардын Борбордук чиркөөсүнө жакын жердеги дүкөндөргө кирип, көчөлөрдөгү тургундар менен учурашты.

- Бир жыл ичинде өзгөчө кырдаалдар кызматтары, жергиликтүү кеңештер, куралдуу күчтөр өкмөттүн колдоосу менен абдан чоң иш жасады. Уулуу зат чачыраган жерлер тазаланып бүттү. Солсбери эми бизнес жүргүзүүгө ачык.

Өткөн жума күнү Солсбери нервди шал кыла турган «Новичок» затынан толук арылганы расмий жарыяланган.

Аскер адистери акыркы болуп орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жашаган турак жайды жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп беришти.

Уулу зат ташталган деп шектелген 12 объектти тазалоого Солсбери жана кошуна Эймсбери шаарчаларында куткаруучулар 13 миң саат иштеген.

- Чакан бизнес үчүн бул абдан кыйын жыл болду. Кирешебиз 10 пайызга азайды, кесепетин абдан эле сезип жатабыз. Окуядан бир жыл өттү, бардыгы жайында болот, алдыга жыла баштайбыз деп үмүттөнөбүз, - дейт белек-бечкек саткан дүкөндүн ээси Сюзи Мэйсон.

Бардыгы болуп “Новичоктон” беш киши жапа чеккен. Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 4-мартта Солсберидеги соода борбордо эс-учун жоготкон абалда табылган.

Бир нече айга созулган дарылоо курсунан кийин экөө тең аман калган. Алар ушу тапта кайда экени ачык айтылбайт, Скрипалдар эл алдына дээрлик чыгышпайт. Британ маалымат каражаттары алар Англиянын түштүгүндө атайын кызматтардын кайтаруусунда жашап жатканын жазышкан.

Уулуу затка кабылган солсберилик полициячы Ник Бейли да тирүү калган.

Июнда кооптуу зат куюлган бөтөлкөнү атыр деп себинип алган британиялык Дон Стөржес аттуу аял көз жумган. Бөтөлкөнү таап алган досу Чарли Роулинин ден соолугу жабыркаган. Роули окуянын бир жылдыгын утурлай орус президенти Владимир Путинге кат жолдоп, ууландыруунун чоо-жайын иликтөөгө жардам берүүнү өтүндү.

Британ полициясы “Новичок” куюлган бөтөлкө былтыр март айынан июнга чейин кайда болгонун аныктай элек жана кээ бир маалыматтарга караганда, Солсбериде, анын айланасындагы райондордо кооптуу жерлер болушу мүмкүн деп эсептейт.

Британиянын атайын кызматтары Скрипалдарга кол салууну Орусиянын аскердик чалгындоо башкармалыгы – ГРУнун агенттери ишке ашырган деп шек санап келатышат.

Тыңчылар өлкөгө Руслан Боширов жана Александр Петров деген кишилердин ысымына жазылган паспорттор менен киришкен.

Кийин иликтөөчүлөр ГРУ кызматкерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкин экенин аныкташкан. Маалымат каражаттары аларга Сергей Федотовдун ысымына берилген документтерди колдонгон Денис Сергеев деген дагы бир орусиялык көмөктөшкөнүн жазышат.

Москва ууландыруу ишине тиешеси жоктугун кайталап, британ чалгындоо кызматы Орусияга каршы кастыкты козутуп жатат деп айыптап келет.

Окуядан кийин Британия орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарган. Жооп иретинде ошончо британ дипломаты Орусиядан кеткен, Санкт-Петербургда британ Башкы консулдугу, ар кайсы жерлердеги Британ кеңеши уюмунун кеңселери жабылган.

АКШ менен Еврошаркет орусиялык айрым дипломаттарды чыгарып, Москвага салынган санкциялардын тизмесин кеңейткен.

Бир жылдын ичинде бир катар дипломатиялык чектөөлөр алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG